«Азаттык» Андарактагы 10 аял эмнеге өз өмүрүнө кол салганын иликтеди

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Андарак айылында быйыл 10 аял өз өмүрүнө кол салып, алтоо каза тапты. Өзүнө кол салгандардын басымдуу бөлүгү уксус ичип каза тапса, төртөөнүн өмүрүн дарыгерлер сактап калган. «Азаттыктын» «Дaнисте» берүүсү бир айылдагы 10 аял эмнеге өзүнө кол салганын иликтеп көрдү.

Каза болгондордун эң кичүүсү 20 жашта болсо, улуусу 43 жашта болгон.  Айрымдарынын жакындары аялдардын өлүмүнүн себебин жашырууга аракет кылышкан.  

Милициянын маалыматына ылайык, каза болгон келиндердин кээ биринин барган жеринде социалдык кыйынчылыктар болсо, айрымдарынын күйөөлөрү чет жакта иштеп жүргөнү аныкталган.