Күрөш дүйнөсүндө Айсулуу Тыныбекова мыкты балбан айым деп табылды

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) дүйнөнүн үч жолку, Азиянын беш жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшү боюнча 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапты. 

Маалыматка ылайык, быйыл Тыныбекова 95 575 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты. Ошондой эле ал дүйнө биринчилигин багындырып, Венгрия жана Египетте өткөн рейтингдик турнирлерди утуп, Азия оюндарында коло медаль тагынып жылды жыйынтыктаган.  

«Ишенүү кыйын, бирок Тыныбекова 30 жашында убакытты артка кайрып, карьерасындагы эң мыкты 12 айды өткөрдү. Кайра жанданган кыргыз жылдызы дүйнө жана Азия чемпионатында жеңишке жетип, мыкты формага кайтып келүүгө канчалык шыктанганын көрсөттү», — деп жазды Бириккен күрөш дүйнөсү.

Тыныбекова жылдын балбаны болуу ал үчүн сыймык экенин айтып, «колдогонуңуздар үчүн рахмат! Париждеги олимп оюндарында колумдан келгендин баарын жасайм» деп белгиледи.

Тыныбекова үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыгып, 2024-жылы Парижде өтө турчу олимп оюндарына жолдомо алган. Ал акыркы жолу 2023-жылдын эсебинен Кытайда өткөн Азия чемпионатында коло медаль тагынган.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова жана Кымбат Тойтонова коло медаль утту

Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду