Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова жана Кымбат Тойтонова коло медаль утту

Сүрөт: Айсулуу Тыныбекова жана Кымбат Тойтонова.

6-октябрда кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Кымбат Тойтонова Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында коло медаль жеңди.

Тыныбекова эркин күрөш боюнча 62 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Ал 1/8 финалдык баскычынан баштап, таиланддык спортчу Салина Слисомбатты жеңди.

Тыныбекова 3-орун үчүн жыйынтыктоочу беттеште казакстандык спортчу Ирина Кузнецованы 2:1 эсебинде жеңип коло алды. 

Ал эми Кымбат Тойтонова карате боюнча 61 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, камбоджалык атаандашын жеңип, коло медаль утту.

Тойтонова 2022-жылы Ташкентте өткөн Азия оюндарында күмүш медаль тагынган.

Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында улуттук курама команда жалпы жети медаль тагынды. Алардын ичинен Эрлан Шеров, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын алса, Раззак Бейшекеев, Сардана Трофимова, Айсулуу Тыныбекова жана Кымбат Тойтонова коло медалдын ээси болушту. Ал эми балбандар командалык эсепте 3-орунду ээлешти.

23-сентябрда башталган 19-жайкы Азия оюндары 8-октябрда аяктайт. Ага 45 өлкөдөн келген 12 миң 500гө чукул спортчу катышып, спорттун 40 түрү боюнча күч сынашууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында жапон спортчусуна багынып берди

Жеңил атлетчи Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль утту

Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болду