Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду

21-сентябрда балбан Айсуулу Тыныбекова үчүнчү ирет күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

Күрөшчү Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, япониялык Сакура Мотокини 4:1 эсебинде жеңип алды. 

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын спорт тарыхында үч жолу дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу болуп калды. Буга чейин ал 2019- жана 2022-жылдары дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Спортчу чемпионатта Польша, Молдова жана Украинанын балбандарын үч жолу катары менен жеңип, ал эми жарым финалда германиялык Луиза Неймени 4:2 эсебинде уткан болчу.

Тыныбекова Азиянын беш жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Азия оюндарынын жана башка бир катар турнирлердин жеңүүчүсү.

Бул турнирде улуттук курама командасы үч медаль утту. Буга чейин эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограммга чейинки салмак ченинде коло байгеге ээ болгон. Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күмүш медаль жеңген.

Дүйнө биринчилиги 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтөт. Спортчулар эркин, грек-рим жана аялдар күрөшүндө күч сынашып жатышат. 

Аталган мелдеш 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомону камсыздай турган мелдеш болуп эсептелет. Дүйнөлүк чемпионатта Олимпиадага жолдомону ар бир олимпиадалык салмак категориясындагы бештен балбан алат. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париждеги Олимпиадага жолдомо утту

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди