Уялбаш керек! Эне тилин модага айланткан кыргызстандыктар

Кыргызстанда кыргыз тилин кеңири жайылткан жаштардын коомчулугу өнүгүп келе жатат. Бири тил үйрөтүүчү курстарды ачып, каалоочуларды акысыз үйрөтүп жатса, дагы бири жасалма интеллектке  эне тилин киргизип, кыргыз тилдүү IT-коомун түптөгөн. Үчүнчүсү кыргыз тилинде сүйлөөдөн тартынбагыла деген чакырык менен видеоконтент даярдайт. 

Бул видеодо биздин турмуштун ар кыл тармагында кыргыз тилин өнүктүрүүгө салымын кошуп жаткан жигердүү жаштарды топтодук.