«Катуу нан жеп чоңойгонбуз». Депутаттар мектептерде балдарга берилчү тамакты жоюуну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Маткеримов жана Айгүл Айдарова мектептерде ысык тамак бербөөнү сунушташты. Маткеримовдун айтымында, мектептеги тамак-ашка бөлүнгөн акча аздык кылат жана балдарды сапатсыз азык менен «ууландырбай» эле коюш керек.

Айдарова «катуу нан жеп, арыктан суу ичип өлбөй чоңойгонбуз» деп билдирди. Ал эми Эрулан Кокулов мындай сунушка макул болгон жок.

«Катуу нан жеп, арыктан суу ичип чоңойгонбуз»

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 25-декабрындагы жыйынында билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев 2024-жылы мектеп окуучуларынын тамак-ашына 14 сом бөлүнөрүн билдирди.

Өткөн жылы Финансы министрлиги 2023-жылы окуучулардын тамак-ашына көбүрөөк акча бөлүү пландалып жатканын айткан болчу. Бирок мамлекеттик казынада акча каражаты тартыш болгон. Тактап айтканда, бүгүнкү күнгө чейин шаарларда ар бир окуучунун тамак-ашына 7 сомдон ал эми аймактарда 10 сомдон бөлүнүп келет.

Депутат Айбек Маткеримов окуучуларга «сапатсыз азыктарды бергенден көрө ысык тамакты жоюп салууну» сунуштады.

«Логикалык жактан ойлонгулачы, 7 сом эмнеге жетсин бир күнгө? Жакшысы, аларга тамак берүүнү жоюп эле коёлу. Сапатсыз азыктарды алганыбыз үчүн ичинен курттар чыгып жатат. Балдарыбызды сапатсыз азыктандырып жатабыз», — деди эл өкүлү.

Депутат Айгүл Айдарова кесиптешинин пикирин колдоп, «коррупцияга байланыштуу мамлекет мектептерде тамак-ашка акча бөлбөшү керек» деп билдирди.

«Тамак-ашты 1-класстан 4-класска чейин эч бирине бербей эле коёлу. Катуу нан жеп, арыктагы сууну иче калып эле чоңойгонбуз. Эч ким өлгөн эмес. Ортодогу акчаны бирөөлөргө жедирип койбойлу, ансыз деле бюджетти бир жагынан толтурсак, асты тешилип түшүп жатат. Балдарга күнүнө 14 сом тамак бергенге караганда, тамакты таптакыр жокко чыгарган жакшы. Бөлүнгөн акчанын жарымын директорлор менен ортомчулар уурдап, тендерлерде сүйлөшүп алышып, балдарга “атам замандан калган” эски тамак-аштарды берип коюшат экен», — деди Айдарова.

Эл өкүлү Эрулан Кокулов балдар туура жана тең салмактуу тамактанышы керектигин айтып, ал эми окуучуга «бир кесим нан менен чай аздык кылат» деп билдирди. Билим берүү министринин орун басары Касымалиев учурда мектеп окуучулары үчүн бөлүнгөн акча чындап эле жетишсиз экенине макул болду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкөдө 600 миңге жакын мектеп окуучусу ысык тамак менен камсыздалат

Финансы министрлиги: Быйыл окуучулардын тамак-ашына делген акчаны көбөйтө албайбыз