УКМК инвестордун акчасын алып, өзүн өлкөдөн чыгууга мажбурлаган «Айсео» компаниясынын ээлерин кармады

Орусиялык инвестордун ири көлөмдөгү акчасын алып, өзүн өлкөдөн чыгууга мажбурлаган «Айсео» компаниясынын эки ээси жана бухгалтери кармалды. Бул тууралуу 28-декабрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы Орусиянын жараны «Айсео» компаниясынын эки ээси менен өнөктөштүк келишимдин алкагында 14 млн доллардан ашык инвестиция тартып, Ысык-Көл районунун Корумду айылында коттеждик шаарча курган.

Коттеждик шаарчанын курулушу аяктагандан соң «Айсеонун» иш жүзүндөгү ээлери маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу байланышынан пайдаланып, инвесторду коркутууга өткөн. Ошондой эле мүлкүн тартып алып, өзүн өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлаган.

Аталган факт боюнча «Айсео» компаниясынын ээлери жана башкы бухгалтер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Өз кезегинде өлкө башчысы Садыр Жапаров инвесторлорду алдоону токтотууга, ал эми мамлекеттик органдарды бюрократиядан арылууга үндөдү

Ал фейсбук барагынан «жеке ишкерлер айрым инвесторлорду алдап кеткен учурлар катталып, эми алар арыз жазып жатканын» билдирди. 

«Урматтуу мамлекеттик органдардын жетекчилери, силер да инвесторлор менен тыгыз иштегиле. “Эртең кел, бүрсүгүнү кел” деген сыяктуу бюрократиялар болбосун», — деди президент.

ТЕМА БОЮНЧА:

Инвесторду опузалоого шектелип кармалган ишкер Асман шаарын курууга тиешеси бар экени айтылууда

Президенттин басма сөз катчысы «арам ойлуулар» үчүн абактарда орундар жетиштүү экенин билдирди