Ала-Тоо аянтына кайра парламент кабыл алган желек илинди

8-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтына илинген туу кайрадан алмаштырылып, бул ирет Жогорку Кеңеш кабыл алган желек илинди.

Борбордук аянттагы желекти алмаштыруу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баш болгон депутаттар жана мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты.

Айым басылмалар аянттагы туу жаңы алмаштырылгандан кийин аны кайра түшүрүп, желек айрылып калган деген жүйө менен кайра алмаштырышканын жазды.

1-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтына жаңы желек илинген. Бирок ал парламент депутаттары өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алган желек эмес экени белгилүү болгон.

Бул коомдо нааразычылык жаратып, айрым депутаттар парламент кабыл алынган туунун бардык элементтери сакталышы керектигин билдирген. Кээ бири бул боюнча иликтөө жүрүп, мамлекеттик символиканы бузгандар жазага тартылышы керек деп белгилешкен.

Ал эми Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков окуяны минкаб парламенттин кароосунан кийин толуктоолорду киргизип, туунун акыркы үлгүсүн токтом менен бекиткени менен түшүндүргөн.

Ошондой эле соцтүйүндүн колдонуучулары аянтка илинген туудагы күн нурларынын саны 40 эмес, 39 экенин жазып чыккан. Желектин баштапкы үлгүсүндөгү 40 нур кыргыздын 40 уруусун билдирет.

Коомдогу сын-пикирлердин фонунда бийлик түнү менен аянттагы желекти түшүрүп, нурларын санап чыккан.

Ал эми Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев бул тууралуу «жалган маалымат» тараткандарды жоопко тартуу керектигин айтып коркуткан. Көп өтпөй бир нече адам УКМКга сурак берип чыкканы белгилүү болду.

Тууну өзгөртүү демилгеси президент Садыр Жапаровго таандык. Мыйзам долбоорун парламент төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов негиздеген. Бирок бул демилгеге көпчүлүк кыргызстандыктар каршы чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Туу чуусу: Туманбаев «мамлекеттин аброюн түшүрүүнү көздөгөндөрдү» жоопкерчиликке тартууну сунуштады

Парламент кабыл алган жаңы желек менен аянтка илинген туудагы айырма. Орунбековдун жообу