Туу чуусу: Туманбаев «мамлекеттин аброюн түшүрүүнү көздөгөндөрдү» жоопкерчиликке тартууну сунуштады

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жаңы туудагы нурлардын саны тууралуу «жалган маалымат» тараткан жарандарды жоопкерчиликке тартуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 3-январда фейсбук барагында жазды

Туманбаевдин айтымында, ЖМК, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар тууну сынга алышкан. 

«24.kg сайты, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Мирбек Мунарбек уулу, Кемпир-Абад маселесинде элди козутуп камалып чыккан Ырыс Иметалиева, бир катар НПО өкүлдөрү өңдүү мамлекетке жакшы ниети жок айрым адамдар тууга түшүрүлгөн нур 39 эле болуп калыптыр деп жазып чыгышты. Мамлекеттин аброюн төмөн түшүрүүнү максат кылгандар, атайын бурмалоо менен коомчулуктун кыжырдануусун жараткысы келгендер мыйзам чегинде жооп бериши керек деп эсептейм», — деди ал туудагы нурлардын саны толук болбой калганы коңшу Казакстанда дагы талкууга алынганын белгилеп.

1-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтына жаңы желек илинген. Бирок ал Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алган желектен айырмаланып турат. Мындан тышкары, соцтүйүндүн колдонуучулары жана бир канча ЖМК туудагы күн нурларын саны 40 эмес, 39 экенин жазып чыгышкан — желектин баштапкы үлгүсүндөгү 40 нур кыргыздын 40 уруусун билдирет.

Сын-пикирлер айтылып баштагандан кийин бийлик борбордук аянттагы жаңы желекти түшүрүп, нурларын санап, андагы 40 нур түгөл экенин билдиришкен. Ошондой эле президенттик администрация Жогорку Кеңеш кабыл алган желек менен борбордук аянтта илинген желектеги айырманы минкаб парламенттин бекитүүсүнөн кийин ага толуктоолорду киргизип, мамлекеттик символиканын акыркы вариантын бекиткен деп түшүндүргөн. 

Дагы окууңуз: Парламент кабыл алган жаңы желек менен аянтка илинген туудагы айырма. Орунбековдун жообу