Парламент кабыл алган жаңы желек менен аянтка илинген туудагы айырма. Орунбековдун жообу

Ала-Тоо аянтына илинген жаңы желек. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева (RFE/RL)

Бишкектеги Ала-Тоо аянтына илинген жаңы желек коомдо кызуу талкуу жаратты. Ал Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алган желектен айрмаланып турарын көрүүгө болот.

Ошондой эле жаңы желек илингенден көп өтпөй соцтүйүндүн колдонуучулары туудагы күндүн нурунун саны 40 эмес, 39 экенин жазып чыгышты. Ал эми желектин баштапкы үлгүсүндөгү 40 нур кыргыздагы 40 урууну билдирет.

Депутаттар эмне дейт?

Жогорку Кеңештин расмий сайтына мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору жүктөлүп, ага туунун парламент жактырып, президенттин кол коюусуна жөнөткөн үлгүсүнүн сүрөтү тиркелген. 

Ал желектеги күн нурлары түндүктүн элесин чагылдырган алкакка бирикпей, өзүнчө турганын көрүүгө болот. Ал эми 1-январда Ала-Тоо аянтына илинген туу андан айырмаланып турат.

Айрым депутаттар парламент кабыл алынган туунун бардык элементтери сакталышы керектигин айтышууда. Айрымдары бул окуя боюнча иликтөө жүрүп, мамлекеттик символиканы бузгандар жазага тартылышы керек деп эсептейт.

«Мен деле социалдык тармактардан көрүп жатам. Аянтка илинген туу менен биз кабыл алган туу эки башка болуп жатат. Биз кабыл алган желекте чамгарактан кийин айлампа болуп, андан кийин нурлар чыккан. Аянтта илинген желектин нурлары жабышып калыптыр. Айырмасы ушунда», — деди эл өкүлү Эмил Жамгырчиев «Азатыкка» курган маегинде. 

Дайырбек Орунбеков эмне дейт?

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Министрлер кабинети туунун акыркы вариантын толуктап, токтом менен бекиткенин билдирди.

«Жогорку Кенеш кабыл алгандан кийин, Министрлер кабинети толуктоо менен акыркы вариантын токтом менен бекитет. Ооба, мурда нурлары түндүккө тийбей турган болсо, азыр 40 нуру түндүккө тийгизилип бириктирилди», — деп жооп берди ал фейсбук колдонуучуларына.

Ошондой эле ал жаңы туудагы күндүн нурунун саны 39 болуп калыптыр деп «жалган маалымат таратып жаткандар бар экенин» билдирди. Ал «күндүн 40 нуру бар, туу бекитилген нускасы боюнча жасалып жатат» деп баса белгиледи.

Сүрөт: Дайырбек Орунбековдун фейсбук барагы

Ал арада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордук аянттагы жаңы желек түшүрүлүп, нурлары саналганын билдирди. Аны айтымында, аянтка мыйзам менен кабыл алынган туу илинген, «анын нурлары 39 эле экен» деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Ала-Тоо аянтына илинген жаңы желек боюнча азырынча Орунбековдон башка мамлекеттик органдын өкүлдөрү комментатий бере элек. Ал эми тууну өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин айткан президент Садыр Жапаров менен мыйзамды демилгелеген парламент төрагасы Нурланбек Шакиев бул боюнча үн ката элек.

Тууну өзгөртүү демилгеси

«Батып» бараткан кыргыз байрагы. Иллюстрация: Элнур Исаков.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламеттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Алар туудагы күн нурунун формасын жана түндүктөгү чамгарактарды төрткө чейин көбөйтүүнү сунуштаган.

Тууну өзгөртүү демилгесин президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да колдогон. Элдик курултайда Жапаров тууну өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун демилгелөөнү Шакиевден өтүнгөнүн айткан.

Тууну өзгөртүүгө айрым кыргызстандыктар каршы чыгып, соцтүйүндүн колдонуучулары #тууөзгөртүлбөсүн деген флешмоб башташкан. Ал эми бул боюнча митинг өткөрүүнү каалаган активист Афтандил Жоробеков камакка алынган.

Парламент депутаттары 20-декабрдагы жыйында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун талкусуз дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырган. Кийин ага президент кол койгон. Мыйзам 26-декабрда мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Тыюу салуу, камоолор. Быйыл бийлик митингдерди кантип басты?