Эмгек министрлиги: Бишкекке аз камсыз үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 млн сом бөлүндү

Республикалык бюджеттен Бишкекке аз камсыз үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 8-августта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушууда айтты.

«Бул каражат жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга көмөктөшө турган 350 бизнес долбоорду ишке киргизүүгө жумшалышы керек», — деди министр.

Анын айтымында, ведомство өлкө боюнча «Социалдык контракт» долбоорун ишке ашырып жатат. Жалпысынан бюджеттен «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз үй-бүлөлөргө 282 млн сом бөлүндү.

Калаа муниципалитетинин башчысы кошумчалагандай, Бишкектин райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктары жардам көрсөтүү боюнча даярдык иштерин жүргүзүп, долбоорго тандоодон өтө турган талапкерлерге мониторинг жүргүзүү көндүмдөрүн окуп жатышканын кошумчалады.

«Социалдык контракт»

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан «Социалдык контракт» бул 100 миң сомго чейинки социалдык жардам экенин, каражат бир үй-бүлөгө жеке ишин өнүктүрүүгө берилерин кабарлашты.

«Соцконтракт» аз камсыз болгон үй-бүлө (же алардын тобу) менен аймактык бөлүмдүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө келишим катары иштей турганы белгиленет.

Долбоордун максаттары:

  • үй-бүлөлөрдүн эркин эмгектик жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу иштерге тартуу;
  • үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун көз карандылык мотивин азайтуу;
  • чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
  • сжаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.

Ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу

Жакырчылыктын деңгээли

Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосунун жыйынтыгы көрсөүп тургандай, өлкө боюнча жакырчылыктын деңгээли 2021-жылы 33,3%ды түзгөн. 2020-жылга салыштырмалуу жакырчылыктын деңгээли 8%га көбөйгөн.

2021-жылы 2 млн 244 миң адам жакырчылыктын чегинде жашаган, алардын ичинен 62,7%ы — айыл тургундары. Муну менен бирге 17 жашка чейинки балдардын 40,5%ы же 1 млн. 72 миң бала кедейчилик шартында жашаган.

«Баштанын» журналисттери 2022-жылдын июнь айында кезектеги материалында мигранттардын акча салууларын азайткан пандемия менен согуш өлкөдөгү жакырчылыкка негизги себеп болгонун айтып беришкен.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.