ТИМ: Индияда каза тапкан 32 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү алып келинди

Индияда асынып алганы айтылган 32 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү 8-январда мекенине алып келинди. Бул тууралуу 10-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

7-январда жергиликтүү басылмалардын бири турист катары барган аялдын сөөгү Ришикеш шаарындагы отелден табылганын жазып чыккан. Полиция ал кондиционердин шнуруна асынып алганын айткан.

Маалыматка караганда, кыргызстандык аял аталган шаарга туристтердин тобу менен медитациялык программанын алкагында 12-декабрда барган. Курс бүткөндөн кийин 2-январда ал Holiday Home отелине жайгашып, бирок эртеси дайынсыз жоголгон.

Маркумдун сөөгү 5-январда Raj Resort мейманканасынан табылган. Индиялык басылма аялдын курбусунун сөздөрүнө таянып, ал акыркы күндөрү үй-бүлөлүк көйгөйдөн улам кыйналып жүргөнүн жазды.

Тышкы иштер министрлигинен аталган окуя Кыргызстандын Индиядагы элчилиги менен биргеликте өзгөчө көзөмөлгө алынганын кошумчалашты.