Майлуу-Суу: Тургундар жылуулук үчүн 17 млн сомдон ашык акча карыз

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын тургундары ысык суу жана жылуулук үчүн «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасына 17 млн сомдон ашык акча карыз. Бул тууралуу 11-январда «Турмуш» басылмасы аталган ишкананын билдирүүсүнө таянып жазды.

Маалыматка ылайык, учурда мекеме дебитордук карызды өндүрүү үчүн 350 абонент менен соттошуп жатат.

«Шаар тургундарынын арасында иштеткен ысык суусу жана жылуулук үчүн акысын төлөбөгөндөрү бар. [...] Өндүрүлүүчү карыздын жалпы наркы 17 млн сомдон ашат. Абоненттердин айрымдары 3-4 жылдап төлөм жүргүзгөн эмес. Үйлөрүн атайын кулпулап, кетип калгандары да бар», — деп билдирди «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын Майлуу-Суу бөлүмүнүн жетекчиси Тыныбек Козубаев.      

Ошондой эле Козубаев мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу айрым иштер сот процессинде артка кайтарылган учурлар да бар экенин кошумчалады.

Майлуу-Суу шаарында 26 миңден ашуун тургун жашайт. Шаарда 2000ге чукул абоненттин үйүн жылытып, 1500гө жакын абонентти ысык суу менен камсыздаган 2 откана жана 1 жылуулук пункту иштейт. 

Майлуу-Суудагы авария

Өткөн жылы январь айында катуу сууктун кесепетинен Майлуу-Сууда таза суу жана жылуулук берүү системасы үзгүлтүккө учурап, өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Шаарда жалпысынан 1800 үй таза суусуз жана жылуулуксуз калган. Кийинчерээк аварияга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Ошол эле жылы 15-январда шаар тургундары пайда болгон кырдаалга байланыштуу митингге чыгып, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Анда тургундар жергиликтүү бийлик кырдаалга байланыштуу «жалган маалымат» таратып жатканына наарызычылык билдиришкен. Кийинчерээк ӨКМ кызматкерлери тоңуп калган суу түтүктөрүн эритүү үчүн дөңгөлөктөрдү жагышкан.

Жылытуу системасы калыбына келтирилгенден кийин жарылган түтүктөрдөн улам суу каптап, айрым тургундардын үйлөрү жараксыз абалга кептелген. Шаардын мэри Нурланбек Умаров бийлик жабыр тарткан тургундардын чыгымдарын төлөп берерин убадалаган.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

ӨКМ: Майлуу-Сууда жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Видео: Майлуу-Сууда ӨКМ кызматкерлери тоңуп калган суу түтүгүн эритүү үчүн дөңгөлөк өрттөп жатышат

Майлуу-Суу: Үйлөрдөгү түтүктөр жарылып, бийлик чыгымды төлөп берүүнү убадалады