Коллаж: «Клооп»

Садыр Жапаровдун администрациясы башка бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын гана эмес, акчасын да тартып алууда. Бул жолу иштеген жарандардан пенсия жана медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнаган Социалдык фонд Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун акчасын Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берди. Каражаттын кайсы бир бөлүгү президентти жандагандарга байланышы бар иш билгилердин чөнтөгүнө түшөт деген ыктымалдуулук жогору.  

Материал «Пикир» рубрикасына жарыяланды. Макалада автордун жеке пикири чагылдырылат. 

Салык төлөгөн ар бир жаран ай сайын Социалдык фондго 10%га чейин акча төгөт. Мындай төгүмдөрдү жеке ишкерлер да, патент менен иштегендер да, иштеп жаткан пенсионерлер да, чет өлкөлүктөр да, ал тургай I жана II топтогу майыптар да төлөшөт. Дагы Социалдык фондго иш берүүчүлөр кызматкерлердин эмгек акысынын эсебинен 17,25% төлөйт. 

Негизинен бул төгүмдөр Пенсиялык фонд менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кетет. Бирок эмгек акынын 0,25%ы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна түшөт. Ал санаторийлерге жолдомого коротулат — алар кесиптик кошуундар аркылуу иштеген жарандардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Тагыраагы, бөлүштүрүлүшү керек. Бирок иш жүзүндө андай жолдомолорду тааныш-биликтикке салып сатып алышат. Ал эми жарандардын негизги бөлүгү жолдомо алуугу акысы бар экенин да билбейт.  

Төгүмдөр чоң деле эмес, бирок өлкө боюнча алганда бир топ сумма чогулат. 2023-жылы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун бюджети 486 млн сомдун деңгээлинде бекитилиген. Эми болсо аларды Президенттин иш башкармалыгы тескейт. Мындай чечим Садыр Жапаровдун «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» жарлыгынан кийин кабыл алынды. 

Бул жарлыктын өзүнө президент Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчилигин «карамагындагы санаторий-курорттук жана туристтик объектилерди натыйжасыз башкарганы үчүн» катуу сынга алгандан кийин кол койгон

Чечимдин өзү негиздүү эле болгондой. Президенттин айтымында, аталган объектилердин көпчүлүгү «киши эмес, ит келбегидей» абалда, дагы бир бөлүгү сатылып кеткен. Былтыр жайында депутаттык комиссия 1993-жылдан бери Кесииптик кошуундар федерациясынын карамагында турган эс алуучу объектилердин жарымынан көбү мыйзамсыз сатылып кеткенин аныктаган. Буга Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчилеринин, депутаттардын, министрлердин жана башка чиновниктердин тиешеси бар экени айтылган.    

Бирок эмне үчүн Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун акчасы тек гана Президенттин иш башкармалыгынын алыш-бериш эсебине кетиши керек? Эмнеге бир тармактагы, анан калса жакыныраак Саламаттыкты сактоо министрлигине же Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кетпейт? Балким Президенттин иш башкармалыгы коррупция жаатында таптаза болуп жүрбөсүн? 

Жок. Эсиңерде болсо, 2021-жылы «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Садыр Жапаровдун көңүлүн орчундуу фактыга бурууга аракет кылган. Жакупова өлкө башчынын коррупцияга каршы көрсөтмөлүү күрөшү Президенттин иш башкармалыгынын ооруканасында миңдеп бекер дарылангандарга жана «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында салык төлөөчүлөрдүн эсебинен бекер жашаган чиновниктердин артыкчылыктарына жайылтылбай жатканын айткан. Кошумчалай кетсек, Жапаров менен Ташиев бийликке келгенден тартып, ачык булактар аркылуу мамлекеттин чыгымдарына көз салуу мүмкүнчүлүгү азайган. 

Ал эми 2022-2023-жылдары өлкөдө президенттин жаңы өргөөсүн салууга байланышкан чуулар дүң болду. Баасы белгисиз болгон имаратты куруп берет деп бийлик куруучуга шаардагы баалуу жерди берген. Куруучунун өзү жалган дарек боюнча катталган жана Президенттин иш башкармалыгы менен байланышы бар. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Тажикстан менен болгон жаңжалда жабыркаган чек ара аймагындагы айылдарды өтө жай калыбына келтирген компания менен байланыштыгы тууралуу иликтөөнүн каарманы болгон.

Жапаровдун администрациясы башка мамлекеттик мекемелердин акчасын бери эле дегенде 2021-жылдан баштап тартып ала баштаган. Ошол убакта «Клооп» Президенттин иш башкармалыгынын бюджети 22,9%га көбөйгөнүн жазган — анын ичинде жеке ишканалардын субсидиясына, Минкабга, «мамлекеттик маанидеги башка чыгымдарга» коротуу пландалган каражаттардын эсебинен. Анда президенттин администрациясына кам көрүүнүн бюджети 100,5%га өскөн. Бул акчанын бир топ бөлүгүн президенттин администрациясы өкмөттү камсыздоо чыгымдарын азайтуунун эсебинен алган. Ал эми 2022-жылдын он айында президенттин аппаратын камсыздоонун чыгымы пландан жети эсе ашып кеткен.

Бул акчалар негизинен президенттин Резервдик фондун толуктоого жумшалган, ага 2022-жылы 500 млн кеткен, ошондой эле иш сапарларга жумшалган. Садыр Жапаров ар бир каттамы ондогон миң доллар турган бизнес-джеттер менен сапарлап жүргөн. Президенттик аппарат болсо андай рейстердин бирин бюджет эмес, авиакомпания өзү төлөгөн, бюджет майын гана чыгарды деп актанган. Бирок бул актануунун өзү да белгисиз берешендер өлкө жетекчилигине «белек» кылган миллиондогон сомдук кийим-кечек сыяктуу эле коррупция болбосо да кызыкчылыктар кагылышы жыттанып турат.   

Эми болсо Соцфонддун акчасынын бир бөлүгү президентти жандагандар менен байланышы бар «иш билгилердин» чөңтөгүнө көчөт деген жокко чыккыс ыктымалдуулук турат. А биз болсо соцсалымдарды төгүү менен, кыязы алардын байманалуу жашоосун кошо төлөйт окшойбуз. 

Дагы окууңуз: Сиз маянаңыздын бир бөлүгүн эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна төгөсүз. Сиздин акчаңыз кайда кетет?