«Киши эмес, ит келбейт». Президент Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчилигин сынга алды

Президент Садыр Жапаров Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчилигин санаторий-курорттук жана туристтик объектилерди натыйжасыз башкарганы үчүн катуу сынга алды. Бул тууралуу 10-сентябрда президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы оңдоодон өткөн «Жыргалаң» санаторийине барды. Санаторийдин аймагында өткөн көчмө жыйында президент федерацияга тиешелүү 284 объектинин 134ү мыйзамсыз сатылып кеткенин айтты. 

«Кесиптик кошуундар федерациясына өткөн жылы бюджеттен 550 млн сом бергенбиз, быйыл 600 млнго жакын сом алганы жатасыңар. Бул элдин акчасы. Силер аны талап, тоноп жеп жатасыңар. Финансисттер эсептеп чыкты, 30 жылда 6 млрд сом алыпсыңар, алты тыйындык дагы имарат салып койгон эмессиңер. 30 жылда бирден курорт салсаңар дагы, 30 курорт салып койбойт белеңер. Тескерисинче баарын сатып жибергенсиңер. Кыргызстанды айтабыз, туризм менен өнүксөк болот, укмуш туристтерди тоссок болот деп, киши эмес, бул жерге ит келбейт», — деди Жапаров. 

Президент мындан ары бул жагдай көзөмөлгө алынарын белгилеп, сатылып кеткен объектилерди мамлекетке кайтаруу боюнча прокуратура менен Эсептөө палатасына тапшырма берилгенин кошумчалады.

Президенттик администарциянын билдирүүсүндө көп жылдар бою «Жыргалаң» санаторийи Кыргызстан Кесиптик кошуундар федерациясынын балансында болгону айтылат. 1995-жылы санаторийдин тазалоочу курулмалары эскирип, талаптарга жооп бербей калган. Ошондон бери ал жерде эч кандай оңдоп-түзөө иштери жүргөнзүлгөн эмес. 2023-жылы санаторий президенттин иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген.

«Бүгүнкү күндө санаторийде оңдоп-түзөө иши жүргүзүлүп, 2 бөлмөлүү 37 коттеж жана 4 үч кабаттуу корпустун курулушу аяктады. Мындан тышкары, санаторийдин аймагында чоңдор үчүн  4 бассейн, балдар үчүн 2 жаңы бассейн, ашкана жана административдик корпус курулду», — деп кошумчалашты басма сөз кызматтан. 

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кесиптик кошуундар федерациясынын ишмердүүлүгүн изилдөөгө атайын  депуттардан турган убактылуу комиссия түзүлгөн. 

Изилдөөнүн жыйынтыгында комиссия 1992-жылдан бери Кесиптик кошуундар федерациясынын балансында турган объектилердин көбү мыйзамсыз сатылып кеткенин аныктаган. Буга профсоюз жетекчилери, депуттар, министрлер жана башка жетекчилердин катышы бар экендиги айтылган.  

ТЕМА БОЮНЧА:

Профсоюздар федерациясынын экс-башчысы Мирбек Асанакунов үй камагына чыкты

УКМК Профсоюздар федерациясынын экс-башчысы Мирбек Асанакуновду кармады