Temirov Live: Акылбек Жапаровдун жеке учак менен сапары 10 млн сомго айланды

Президент Садыр Жапаров чет өлкө сапарлары үчүн дайыма бизнес-жет кызматтарын колдонуп келери белгилүү. Temirov Live’дын журналисттери эми жеке учакты президент эле эмес, минкабдын башчысы Акылбек Жапаров да жалдай баштаганын аныкташты.

Журналисттер Акылбек Жапаровдун жеке учактагы 18 сааттык сапары 10 млн сомго айланганын аныкташты.

Temirov Live бир ай мурда президент Садыр Жапаров Астанага Embraer Legacy 600 бизнес-класстагы учагы менен кеткенин эскерди. Аны президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев да тастыктаган. Ал компания бортту акысыз берип турганын, бийлик борттордун бирин лизингге алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын айткан. Султанбаевдин айтымында, Кыргызстан аталган сапарда күйүүчү майга гана чыгым болгон.

Иликтөөчүлөрдүн айтымында, ушул эле учак 27-ноябрда Грузиядан Бишкекке келип конгон, ал эми 29-ноябрда Токионун эл аралык аэропортуна барган. Бул борт менен президент эмес, минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Жапонияга учуп барган.

«29-ноябрда эртең мененки саат 10до бул жеке учак Бишкектен көтөрүлгөн. Бир нече сааттан кийин, ал Монголиянын аймагында пайда болду. Бизнес-жет учагы Улан-Батор аэропортунда эки саттай турган. Андан соң Жапонияга учкан. Ал эми 29-ноябрь кечинде Токио убактысы боюнча саат 22:13тө бул учак Ханеда аэропортуна келиптир. Таң калаарлык болгон кокустук эмнеде? Ошол эле күнү кечинде Жапаровдун Жапонияга келгени тууралуу кабар өкмөтүбүздүн расмий сайтында пайда болгонунда. Болгондо да, жарыяланган сүрөт бизнес учак конгон Ханеда аэроптордундагы сүрөт болуп чыкты», — деп айтылат журналисттердин иликтөөсүндө.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, бул борт 3-декабрда ошол эле маршрут менен Жапониядан Бишкекке кайткан.

«Эми Токиодон Бишкекке кайткандагы учактын чыгымы канча миллиондун башын жутаарын тактап көрөлү. Ачык маалыматта бул класстагы учак үчүн кеминде бир саатка 6,5 миң доллар коротулат экен. Кыргызстандан Жапонияга учуу 9 саатка созулат, кайра кайтканда деле 9 саат. Ошондо жалпы 18 саат. Эми 18 саатты 6,5 долларга көбөйтсөк, 117 миң доллардын эсеби чыгат экен. Башкача айтканда дээрлик 10 млн сом керектелет», — деп билдиришти журналисттер.

Иликтөөчүлөр 20-октябрда Акылбек Жапаров иш сапары менен Армениянын борборуна учуп барганын да белгилешти. Алардын маалыматына ылайык, ошол эле күнү Embraer Legacy 600 борту Еревандын аэропортуна келип конгон.

«Мурда жеке учак менен Садыр Жапаров гана учат деп келсек, мындан ары Акылбек Жапаров да мындан кем калбайм дегениби бул? Республикалык бюджеттин тартыштыгы ушул жылдын аягына чейин дээрлик 35 млрд сомду түзөөрү айкын», — деп сөзүн жыйынтыкташты материалдын авторлору.

Ал эми минкабдын басма сөз кызматы Temirov Live’дын журналисттеринин материалы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Дагы окуңуз: Президент Глазгого жалдаган жеке учактын ижара акысы болжол менен 19 млн сом