ИИМ Temirov Live’дын кеңсесине мөөр басып, жетекчиси Тажибек кызын суракка алып кетти

ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’дын кеңсесин мөөр басып бекитип, долбоордун жетекчиси Махабат Тажибек кызын суракка алып кетишти. Ошондой эле алар кеңседен техника жана документтерди да чыгарып кетишти. 


Тажибек кызы кеңседеги тинтүү жана кармоолор журналисттердин ИИМдин башчысы Уланбек Ниязбеков жана депутат Надира Нарматова тууралуу материалына байланыштуу деп билдирди. Бирок так кайсы материал тууралуу сөз болуп жатканы белгисиз.  

Ага чейин ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоору боюнча «Массалык баш аламандыктар» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Мекемеден билдиришкендей, милиция кызматкерлери 2023-жылдын 30-декабрында интернетке мониторинг жүргүзүп, Temirov Live жана «Айт Айт Десе» барактарында жарыяланган материалдарда «массалык башаламандыкка чыкырык жасоонун белгилери бар экенин» аныкташкан.

Экспертизанын негизинде ИИМдин тергөө кызматы «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. 

16-январь күнү таң эрте милиция кызматкерлери бир катар журналисттердин үйүн тинтүүгө алып, жапырт кармады. Алардын арасында Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорлорунун азыркы жана мурдагы 10 кызматкери бар. Айрымдары сурак бергени ИИМдин тергөө башкармалыгына жеткирилди.