Бишкекке жакын жерде тик учак кулады. Бир адам каза болуп, 10у ооруканага жеткирилди

Кулаган тик учак. Сүрөт: Kaktus

17-январда Бишкектин четиндеги Достук айылына жакын жерде Ми-8 аскердик учагы кулады. Маалыматты «Клоопко» Коргоо министрлигинен тастыктышты.

Билдирүүдө тик учакта жалпы 11 киши болгону айтылат. Алардын бири каза болуп, 10у ооруканага жеткирилди. Төртөөнүн абалы оор, калгандарыныкы канааттандырарлык деп баланууда.

Sputnik басылмасы коргоо министри Бактыбек Бекболотовго таянып, каза болгон киши экипаж командири экенин жазды. Анын айтымында, окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Министрликтен тик учак окуу-машыгуу учурунда авариялык түрдө конууга мажбур болгонун белгилешти. Аскердик тик учак саат 10:55те «Фрунзе-1» авибазасына кулап түшкөн.