Ош: Бала бакчанын жетекчиси милицияга 20 миң сом пара берүүгө шектелип кармалды

Ош шаарындагы «Би-Би» балдар бакчасынын жетекчиси милициянын кызматкерине 20 миң сом пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 21-январда шаардын милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган балдар бакчасынын ишмердүүлүгү белгиленген талаптарга жооп бербей жатат деп шектелип, текшерилип жаткан. 

«Текшерүүгө айрым интернет булактарында аталган бала бакчанын тарбиялануучуларына Кыргыз Республикасынын балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына туура келбеген, атайын тарбиялоо программасына карама-каршы келип, талаптарга жооп бербеген диний сабактарды башка улуттун кийимдерин кийгизип өткөрүп жатканы тууралуу видеороликтер себеп болгон», — деп билдиришти милициядан.

19-январда аталган бакчанын 54 жаштагы жетекчиси текшерүү иштерин токтотууну көздөп, Ош ШИИБдин экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерине 20 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. 

Бул факт боюнча «Пара берүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда териштирүү уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Катуу нан жеп чоңойгонбуз». Депутаттар мектептерде балдарга берилчү тамакты жоюуну сунуштады