Жогорку Кеңештин профилдик комитеттеринин бири ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салды 

Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөлөрү 22-январдагы жыйында «ЖМК жөнүндөгү» мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салышты. Документти президенттин администрация иштеп чыккан жана ал медиакоомчулук тараптан сынга кабылып келет. 


Жыйында баяндамачы катары маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу чыкты. Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, ЖМК катары милдеттүү түрдө каттоого туруу талабы жалпыга маалымдоо каражаттарына гана тиешелүү экенин, ал эми калган веб-сайттарга каттоого туруу милдеттүү эмес деп билдирди.

Ошондой эле Эсенгул уулу мыйзам долбоорунун демилгечилери медиакоомчулуктун «айрым сунуштарын эске алды» деп билдирди. Андан тышкары, ал «чукул арада» Маданият министрлигинин алдында Мониторинг борбору ачыларын билдирди. Анын айтымында, бийликтин Meta, TikTok жана башка ири компаниялар менен «зыянын тийгизген контетти» бөгөттөө боюнча келишими бар.  

Жыйындын жүрүшүндө депутат Элвира Сурабалдиева демилгечилерди мыйзам долбооруна карата буга чейин эл аралык уюмдар жана Акыйкатчы институту айтып чыккан сындарды эске алууларын өтүндү. 

«[ЖМКнын иши] сөзсүз түрдө эле бийликти, бизди мактап туруу эмес да. Силер ашыкча кылып жиберишиңер мүмкүн […] Келечектүү нерселер жөнүндө да ойлонушубуз керек. [ЖМКга басым кылуу] биздин эл аралык рейтингдерибизге да  таасирин тийгизип калышы мүмкүн», — деп белгилеп, министрдин орун басарына жетекчилигине туура маалыматты жеткирип коюуну өтүндү. 

Ал эми депутат Акылбек Түмөнбаев болсо, мыйзам долбооруна «көптөгөн өзгөртүүлөрдү» киргизүү керектигин айтып, парламентке тийиштүү министрликтер менен Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү келбегенине көңүл бурду. Ошондуктан ал мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууну сунуштады. 

Кесиптеши менен депутат Камила Талиева да макул болду. Ал мыйзам долбоорунун талкуусуна документ боюнча пикирин айтуу үчүн журналисттердин өзүн чакыруу керек деп белгиледи.