Болот Темировдун командасындагы камакка алынган журналисттер президенттин уулу Рустам Жапаровдун ташкенттик кримтөбөл менен түшкөн сүрөтү тууралуу сурак берип жатышат. Сүрөттү соцтармакка белгисиз аккаунттар таратып жатышат. Бийликчил аккаунттар башка эле кишинин башына президенттин уулун «чаптап» жасашты дешүүдө. Ал эми мурда президенттик администрацияда иштеп кеткен аткаминер болсо, Жапаровдун уулу кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү менен жолугушу мүмкүн деген пикирде. Бул эмне болгон жолугушуу жана эмне үчүн президент сүрөт боюнча комментарий бере элек?

16-январда ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорунда мурда иштеп кеткен жана азыр иштеп жаткан 11 кызматкерин кармаган. Алардын баары «массалык башаламандыктарга чакырууга» шектелип, эки айга ТИЗОго камалды — Кыргызстанда чиновниктердин дарегине сын айтылса деле «башаламандыкка чакырыкка» теңеп койгон адат пайда болду. Кармалгандардын баары — бийлик Кыргызстандын жарандыгынан ажыратып, өлкөдөн күчтөп чыгарып салган оппозициячыл иликтөөчү-журналист Болот Темиров менен байланышы бар.  Андан мурдараак анонимдүү аккаунттар соцтүйүнгө Рустам Жапаровдун 2023-жылы декабрда Өзбекстандын ИИМи тарабынан кармалган, Саидазиз Медгородок деген каймана аты менен таанымал ташкенттик белгилүү кылмышкер Саидазиз Сайдалиев менен бир дасторкондо отурган сүрөтүн таратышкан. Өзбек ИИМнин маалыматына ылайык, Медгородок карыздарды коркутуп-үркүтүп, бейбаштык жана опузалоо жолу менен өндүрүү үчүн тегерегине спортчуларды чогулткан. Ошол маалда Өзбекстанда башка дагы кримтөбөлдөр кармалышкан. Арасында Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары, Салим Бойвачча каймана аты менен таанымал Салим Абдувалиев дагы бар. Абдувалиевдин белгисиз жагдайда атып өлтүрүлгөн кыргызстандык кримтөбөл Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышы бар деп айтылып келет. 

Болот Темиров болсо командасындагы камакка алынган журналисттерге сүрөт кандай шартта жарыяланып, тарап кеткени тууралуу суроо берилип жатканын айтып жатат. Анын айтымында, суракка алгандар журналисттерге сүрөттү соцтүйүнгө фейк аккаунттар аркылуу жайылткансыңар деген айып тагып жатышат

Рустам Жапаровдун Медгородок менен түшкөн сүрөтү сенсация жаратты деп айтууга болбойт. Буга чейин өлкөнүн көмүскөдөгү бажы падышасы Райым Матраимовдун (жакында эле Матраимовдун мүлкү салтанаттуу түрдө мамлекеттин карамагына өттү) ошондой эле Камчы Көлбаевдин баласы менен түшкөн сүрөтү жарыяланган.   

Рустам Жапаровдун Матраимов менен Көлбаевдин балдары менен түшкөн сүрөтү

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун Көлбаевдин жакын санаалашы Азим Рой менен мамлекеттик резиденцияда түшкөн сүрөттү тараган. Баса, Ройго Көлбаев атып өлтүрүлгөндөн кийин издөө жарыяланган. Алтургай, азыркы президент өзүнүн ысык-көлдүк жердеши Көлбаев менен тааныш болгонун күбөлөндүргөн жагдайлар бар. Жапаров өзү Көлбаев менен УКМКнын ТИЗОсунда сурак учурунда бетме-бет жолукканын, андан кийин көрбөгөнүн айткан. 

Садыр менен Ройдун сүрөтү

Бирок Рустам Жапаровдун ташкенттик кримтөбөл менен түшкөн сүрөтү коомдо резонанс жаратты. Эң башкысы, кыйла курч суроолорду пайда кылды. Качан, кайсыл жерде жана кандай максат менен Кыргызстандын президенттинин уулу Саидазиз Медгородок менен жолуккан? 

«Чалгынчынын эрдиги»

Сүрөт жарыялангандан кийин Кыргызстанда социалдык тармактардагы бийликчил аккаунттар аудиторияга сүрөт монтаж деп ишендирип башташкан. Буга далил катары, ак майка кийген Рустам Жапаровдун башына башка бирөөнүн башы чыгып турган сүрөт жарыяланган. «Монтаж» жасоого камакта жаткан «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун тарапташтарын жана аты ачык айтылбаган бейөкмөт уюмдарды эч далилсиз күнөөлөшкөн. Мындай тактика бир ок менен дароо эки коёнду өлтүрүүгө жол ачкан: сүрөттүн аныктыгын жокко чыгаруу жана бийликтин сынчыларына каршы күрөшүү үчүн жаңы шылтоо табуу.  

Бирок мындан майнап чыккан жок окшойт, негедир бийлик тактикасын өзгөрттү. Болот Темировдун айтымында, ИИМдин кызматкерлери сурактарда кармалган журналисттерди сүрөттү жарыялоого күнөөлөгөнү аз келгенсип, булагы ким экенин аныктоого аракет кылып жатышат. Ал эми президент Жапаровдун аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов болсо Рустам Жапаровдун өзбек кримтөбөлүнө жолукканын факт катары талкуулайт. 

Анаркуловдун айтымында, бул «өзбекстандык белгилүү ишкер кримтөбөл Салим Абдувалиевдин жакындарынын бирине жолуккан» бизнес көрүшүү болгон. —«Салимбай Өзбекстан гана эмес, өлкө сыртында дагы белгилүү ишкер».

Бирок Анаркулов УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин партиялашы. Ал өз кезегинде Садыр Жапаровдун бийлигин алсыратууга кызыкдар болушу дагы мүмкүн.

Президенттин уулу менен өзбек кылмыш дүйнөсүнүн өкүлүнүн жолугушуусунун дагы бир версиясы, Анаркуловдун айтымында, депутат Эмил Жамгырчиевдин кармалышына байланыштуу болушу мүмкүн. Жамгырчиев жакында парламенттин имаратынын ичинде УКМКнын кызматкерлеринен качып чыккан. Депутат качканда атайын кызматтын төрагасы Ташиев Жамгырчиевди кармабайбыз деп жеке өзү кепилдеген, бирок кийин ал каралган, (бирок чынында кийин саясатчы эч жакка кетпөө тил каты менен боштулган).  

2-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту – ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча арызды депутат өзү жазган. 

Бул детектив боюнча Кыргызстандын президентти Садыр Жапаров өзү  комментарий берген. Анын айтымында, депутат Эмил Жамгырчиев Өзбекстанга мыйзамсыз барып, Салимбай Абдувалиевден өзүн [президентти] жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жок кылып берүүнү суранган. 

«Кабарым бар. Ал жигиттин Өзбекстанга чек ара аркылуу эмес, чек араны бузуп өтүп барып, “Салимбай байбача” аттуу мыйзамдагы ууруга жолугуп, эки досту жок кылганга жардам бер деп өтүнүч кылганы боюнча кабарым бар. Бул иш боюнча УКМКнын кызматкерлери жана Өзбекстандын атайын кызматтары иштеп жатышкан. Жыйынтыгы эмне болуп жатканына кызыккан жокмун», –деген Жапаров

«Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин өзбек кримдүйнөсүнүн лидери Салимбай Байбачага Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин биринчи адамдарын жок кылуу боюнча кайрылуусу дагы бир бүтүмгө түртөт: президенттин уулуна эскертүү берип, "атуу буйругу" келип түшкөнүн кабарлоону каалашкан», – деп комментарий берди Нургазы Анаркулов.

Президенттин уулу кызмат сыңарындай  

Өлтүрүүгө даярдык көрүлүп жатат  — президент үчүн кырдаалды түшүндүрүүнүн эң ыңгайлуу версиясы ушул болгонсуйт. Сыртынан коркунучтуу, бирок  ичинен боорукер чет элдик бандит президенттин уулуна депутаттын арам планын айтуу үчүн «жолугушууга» чакырат. Рустам ага жолугам деп өзү жөнөйт. (Кийин ал Ташкентте мейманкананын акысын төлөбөй кеткени белгилүү болгон). Ал аз келгенсип, белгисиз сүрөтчүнүн камерасына Медгородок менен сүрөткө түшөт. 

Чындап келсе, Кыргызстанда азырынча «президенттин уулу» деген кызмат  кире элек, ал эми жаш жигиттин кылмыш чөйрөдө «макамы» деле жок. Ошондуктан Рустам жолугушууга ким катары барганы түшүнүксүз. Анан калса, эмне үчүн Рустам Жапаров өзү? УКМКнын адамдары же президенттик коргоо кызматынан адамдар барбайт беле? Эмне үчүн мунун баары мыйзам талаасынын сыртында болуп жатат(табышмактуу)?  

Сүрөттү интернетке ким чыгарганы азыр да белгисиз. Балким ага Өзбекстандын бандиттери же бийлигинин катыштыгы болушу ыктымал. Сүрөт боюнча Садыр Жапаров өзү, же анын администрациясы комментарий бере элек. Бул боюнча «Клооптун» редакциясы президенттик администрацияга сурам жөнөттү, бирок азырынча жооп келе элек. 

Авторлору: Виктор Мухин, Арууке Солтоной, Екатерина Резникова