Депутат Эмил Жамгырчиев өзүнө карата ачылган кылмыш иши боюнча комментарий берди

16-январда Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынына катышып, ага козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди. Жамгырчиев учурда тергөө жүрүп жатканын айтып, депуттарды алдын ала сын-пикир айткандан алыс болууга чакырды.

«Сын-пикирлерди соттун чечими чыккандан кийин айтууну аябай суранат элем. Себеби, менин артымда да ата-энем, үй-бүлөм, бала-бакырам бар. Аларды да, өзүмдү да ыңгайсыз абалга коюп жатабыз. Кудай анын жүзүн ары кылсын, башыбызга мындай иш түшүп калса карайлап калат экенбиз. Колубуздан келсе, соттун акыркы өкүмүн күтсөк», — деди Жамгырчиев. 

Комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков Жамгырчиевге кайрылып, «маселе каралган күнү келип, ага карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бергенде көп маселе жеринде чечилет болчу» деп пикир билдирди.

10-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Ал кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип жатканы айтылган. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берүү сунушун 69 депутат колдогон. 

Жамгырчиевдин ишин караган депутаттык комиссиянын төрагасы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Алишер Эрбаев ага Өзбекстанда да кылмыш иши козголгонун билдирген.

«Өзбекстанда жүргүзүлгөн тергөө ишинин жыйынтыгында, Жамгырчиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп Борбор Азияда белгилүү Салим Абдувалиев аттуу адамдан колдоо алуу максатында аны менен жашыруун жолугуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп Ташкент шаарына барганы аныкталды», — деген ал.

Эрбаев Жамгырчиев жардамчысы аркылуу коңшу өлкөгө жети даана мамлекеттик бланк алып чыгып кеткенин да кошумчалаган.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутатты камайлы деген ою жок экенин айтып, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталгандар камалбашын, айып пул же пробациялык көзөмөлгө алынаарын билдирген.

Эмил Жамгырчиевге козгологон кылмыш иштери

2019-жылы Эмил Жамгырчиев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Пара алуу» жана «Опузалап пара алуу» беренелери боюнча айыпталган.

Анда Кытайдан өрдөктүн этин контрабанда жолу аркылуу жеткирип иштеген деп айыпталган жеке ишкер Эмир Эмилканов кылмыш ишин жабуу үчүн Жамгырчиевге өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов аркылуу ири суммадагы пара төлөгөнүн айткан. Иш жабылган эмес, Эмилканов Жамгырчиев менен Калмуратовдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Жамгырчиев ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган.

2020-жылдын октябрь айында Жамгырчиев жана Калмуратов «Пара алууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын февралында Жамгырчиев үй камагына чыгарылган. Арадан эки ай өткөндө Калмуратов да үй камагына чыккан.

Кийин Эмилканов айыпталуучулар 27 миң долларлык чыгымды төлөп бергенин, аларга доосу жоктугун айткан. Ошол эле учурда Жамгырчиев эч кандай акча төлөбөгөнүн белгилеген. 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жамгырчиев менен Калмуровду актаган. Анда сот Калмуратовго тагылган айыпты «Алдамчылык» беренесине алмаштырып, жабырлануучунун доосу жок болгондуктан ишти кыскарткан.

Кийин Жамгырчиев «Альянс» партиясынан парламенттик шайлоого катышып, 2022-жылдын мартынан тартып Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку Кеңеш депутат Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берди

Депутат Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайра жанданды