Депутат Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайра жанданды

Биринчи май райондук сотунун 1-декабрдагы токтому менен Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайра жанданды. Бул тууралу «Клоопко» 5-декабрда соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сот отуруму 7-декабрь саат 15:00гө белгиленди.

Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши быйыл 26-июлда токтотулган. Анда сот эл өкүлүнүн жактоочусунун «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган. Бул беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган. Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулуп турган.

Эмил Жамгырчиевдин кылмыш иши 

2019-жылы Эмил Жамгырчиев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Пара алуу» жана «Опузалап пара алуу» беренелери боюнча айыпталган.

Анда Кытайдан өрдөктүн этин контрабанда жолу аркылуу жеткирип иштеген деп айыпталган жеке ишкер Эмир Эмилканов кылмыш ишин жабуу үчүн Жамгырчиевге өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов аркылуу ири суммадагы пара төлөгөнүн айткан. Иш жабылган эмес, Эмилканов Жамгырчиев менен Калмуратовдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Жамгырчиев ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган.

2020-жылдын октябрь айында Жамгырчиев жана Калмуратов «Пара алууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын февралында Жамгырчиев үй камагына чыгарылган. Арадан эки ай өтүп сот Калмуратовду да үй камагына чыгарган.

Ал эми сот отурумунда ишкер Эмир Эмилканов айыпталуучулар 27 миң долларлык чыгымды төлөп бергенин, аларга доосу жоктугун айткан. Ошол эле учурда экс-финполчу Жамгырчиев эч кандай акча төлөбөгөнүн айткан болчу.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 19-ноябрда Жамгырчиев менен Калмуровду актаган. Прокурор бул беренелер менен алардын күнөөсү так аныкталганын, аларды 15 жылга эркинен ажыратып, 250 миң сом айып салууну өтүнгөн.

Бирок сот бардык беренелер боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан Жамгырчиев менен Калмуратовду актап, аларга реабилитациялоо укугун кайтарып берген.

Сот Калмуратовго тагылган айыпты «Алдамчылык» беренесине алмаштырып, жабырлануучу Эмир Эмилкановдун доосу жок болгондуктан улам бул ишти кыскарткан.

Бул Жамгырчиев тоскоолдуксуз эле парламент депутаты боло алат дегенди билдирет. Ал депутаттыкка талапкерлигин «Альянс» партиясынан көрсөткөн. 

Жамгырчиев 2022-жылдын март айынан бери Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. 

ТЕМА БОЮНЧА: 

Депутат Эмил Жамгырчиев Кыргызстандын аймагынан чыкпаганын айтты

УКМК депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди