Жапаров: Көлбаевди тааныйм, штабды Матраимовдор каржылап жатат деген калп

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров анын штабын «Матраимовдор каржылап жатыптыр» деген сөз боюнча журналист Майраш Базлакуновага курган маегинде жооп берген.

«Матраимовдор каржылап жатыптыр деген карандай калп. Убагында 2010-жылдан бери эле "Ата-Журт" партиясын, Ташиевди, мени "Бакиевдер акча бериптир", "реванш кылат" экен деп Бакиевдерге чаптап келишкен. Бирок алар калп, Бакиевдерден бир тыйын алган эмеспиз», — деди ал.

Жапаров буга чейин Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө дагы деле жүрүп жатканын айтып, анын жыйынтыгы менен «сөзсүз чечим кабыл алынат» деп ишендирди.

Экс-бажычы Райымбек Матраимовду УКМКнын кызматкерлери 20-октябрда коррупцияга шектеп кармашкан. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту эч жакка кетпөө тил катынын негизинде аны бошоткон. Анткени Матраимов тергөө менен кызматташууга, анын ичинде мамлекетке келтирген чыгымды калыбына келтирүү үчүн 2 млрд сом төлөп берүүгө макулдугун берген. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 8-декабрга карата бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары 773 млн сом төлөдү.

«Көлбаевди тааныйм»

Садыр Жапаров мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевди тааный турганын, сурак учурунда беттешкенин айтты.

«2012-жылы камалган кезде сурак болду. Мен Ташиев, Мамытов камакта жаттык. Ошол кезде Камчы Көлбаевди Аравиядан алып келип ошол жерге [УКМКнын тергөө жайы] камашты. Ошондо тергөөчүлөр 2010-жылдагы иштер боюнча беттештирүүгө алып келген. Бет маңдай отуруп тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бергенбиз. Ошол бойдон көргөн жокмун», — деди ал.

Абдиль Сегизбаев менен дебатка чыгуунун шарты тууралуу

Жапаров президенттикке талапкерлердин бири, УКМКнын экс-жетекчиси Абдиль Сегизбаев менен дебатка катышууга даяр экенин, бирок бир шарты бар экенин айтты.

«Эгерде саясий, экономикалык жактан кандай өнүгөбүз деген темада дебат болсо барып катышса болот. Барып алып илгерки ушактарды сүйлөп отургандын кажети жок. "Мурда кайда жүрдүң эле? Минтип койбойсуңбу?" деген сөздөрдү мен жактыра бербейм», — деди ал.

Буга чейин Абдиль Сегизбаев «Азаттыкка» курган маегинде Садыр Жапаровду туз эфирде теледебатка чакырып, учурда коомдо болуп жаткан актуалдуу маселелер боюнча сүйлөшүүгө чакырган.