Ак-Ордо: Үйү түрттүрүлүп, көчөдө калган төрт балалуу аялга кызыл китеп тапшырылды

Өткөн жылы Бишкектин Ак-Ордо конушунда кошунасы жазган арыздын негизинде үйү буздурулуп, төрт баласы менен көчөдө калган Марал Шаболотовага жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тапшырылды. Бул тууралуу Шаболотова «Турмуш» басылмасына билдирди.

Марал Шаболотова. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы.

«Кызыл китебим мыйзам чегинде берилди. Эми менчик укугуна ээ болдук. Биз үй-бүлөбүз менен президент Садыр Жапаровго, кыргыз элиме абдан ыраазыбыз» — деди ал.

Марал Шаболотованын үйү кошунасы жазган арыздын негизинде 2023-жылы 1-март күнү кечинде буздурулуп, төрт баласы менен көчөдө калган. Кайдыгер карабагандар убактылуу баш калкалоо үчүн боз үй тигип беришкен.

Ал эми Жогоку соттон Шаболотова үйдү мыйзамсыз куруп алган деп билдиришкен. Бийлик өкүлдөрү окуянын мыйзамдуулугун иликтей турганын айтып, минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун жардамы менен жаңы үй куруп берүүнү убадалашкан.

5-мартта президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен бирге Ак-Ордо конушуна аялдан кабар алганы барып, Шаболотовага Бишкектен батир берүүнү убада кылган.

30-апрелде президенттин жардамчысы Эрнис Ашырбаев «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 45 күндө үй куруп бергенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Ак-Ордодогу үйү сүрдүрүлгөн Марал Шаболотовага жаңы там салынып берилди

Садыр Жапаров үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган аялдын окуясын териштирүүнү убадалады

Ак-Ордо: Кошунасы жазган арыздын негизинде үйү буздурулган аял төрт баласы менен көчөдө калды