«1-июлга чейин үлгүрүп калгыла». Жапаров 20 млн доллардын тегерегиндеги мүлкүн легалдаштырды

Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров «кирешени легалдаштыруу» жөнүндөгү мыйзам 1-июлга чейин күчүндө болорун билдирди. Ал каражатын «чет өлкөдө сактаган» байларды өз убагында кирешесин легалдаштырып калууга чакырды. 

Жапаров 15-февралда фейсбукка билдирүү жазып, бул мыйзам байларга «каражатын чет жердеги банктарда катып жатпай, өлкөдөгү банктарга салып, экономиканын пайдасына иштесин деген максатта кабыл алганын» айтты.

Президент «мүлктөрүбүздү башка бирөөлөрдүн аттарына каттатып келгенибиз жашыруун эмес» деп белгилеп, өлкөдө «миллиарддарын чет жактагы банктарда кармап жаткан» байлар көп экенин кошумчалады.  

«Эмне үчүн чет өлкөлөрдө катып жатышат деген суроого жооп жөнөкөй эле. Буга чейин мынча акчаны кайдан, кантип таптың, канча салык төлөдүң деген суроо туулуп, маселе жаралат эле. Эми мына ушул мыйзам менен андай маселе жаралбагандай кылып, легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип жатабыз. Бул мүмкүнчүлүк 1-июлга чейин гана иштейт. Андан кийин иштебейт. Ошондуктан кечикпей легалдаштырып, үлгүрүп калыңыздар», — деди ал. 

Президенттин мүлкү

Жапаров өзүнүн мүлкүнүн жалпы наркы 20 миллион доллардын тегереги экенин белгиледи. Анын айтымында, мыйзамга ылайык мүлкүн легалдаштыруу үчүн мамлекетке бир миллион сом төлөп берген.

Өлкө башчысы Ибраимов көчөсүндө 2010-жылы курулган имараты бар экенин айтып, аны 2020-жылы президенттик штаб катары колдонгонун белгиледи.

«Албетте, жогоруда айткандай, менин имараттарым да мурда башка бирөөлөргө катталган эле. Эми легалдаштыруу мыйзамынын негизинде өзүмө каттаттым. Мен өзүм башкаларга үлгү көрсөтөйүн деп биринчилерден болуп легалдаштырдым. [...] Чет өлкөдө каткан акчаларым жок, болсо аларды да алып келип өзүбүздүн банктарга салып коймокмун», — деди ал. 

Жапаров легалдаштырылган мүлктөргө сурак болбой турганын айтып, анын коопсуздугуна «мамлекет 100 пайыз толук кепилдик берет» деп убада кылды.

Капиталды легалдаштыруу жөнүндөгү мыйзам

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун президенттин администрациясы иштеп чыгып, 2022-жылдын мартында демилгелеген.

Анда кыргызстандыктарга мурда кандайдыр бир себептер менен документке кирбей калган активдерин декларацияга киргизүү сунушталган. Ал эми активдердин булагын ачыктоого эч ким милдеттүү эмес экени айтылган.

Садыр Жапаров парламентте сүйлөп жатып мыйзам долбоорунун максаты — коррупционерлерди коргоо эмес, байлыгын чет өлкөдө кармаган байлардын активдерин өлкөгө кайтартуу экенин белгилеген.

Ал эми мыйзам долбоорун сындагандардын бири — азыркы учурда абакта жаткан депутат Адахан Мадумаров — демилге «элдин эсебинен байыгандарга мунапыс берүүгө» багытталган деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мадумаров активдерди легалдаштыруу тууралуу: Ууруларды мыйзамдаштыралы деп жатасыңар

«Түз жүргөндөр чыканагыңарды тиштегиле» — Бекешев кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча