ЖК мыйзамсыз алынган капиталды легалдаштыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Бул тууралуу 4-майда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорун 56 депутат колдоп, экөө каршы чыкты. Жалпы 73 депутат катталган.

«Бул мыйзам долбоорлору активдерди декларациялоо учуруна карата жеке жактарга таандык болгон, анын ичинде башка жактарга номиналдуу таризделген же Кыргызстандын чегинен сыртта жайгашкан активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү жолу менен мүлктү жана кирешелерди легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу максатында иштелип чыккан», — деп айтылат Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматында.

Чуулгандуу демилге

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун президенттин администрациясы иштеп чыгып, 2022-жылдын мартында сунуштаган.

Юристтер мыйзам долбоорунун биринчи вариантын сынга алып, демилге өлкөнүн Конституциясына, анын ичинде Кыргызстан өзү мүчө болгон эл аралык келишимдерге жана документтерге, ошондой эле коррупцияны жоюу жана алдын алуу боюнча мамлекеттик стратегияга каршы келерин белгилешкен.

Бирок ага карабастан, парламент президент Садыр Жапаровдун өтүнүчүнөн кийин, өткөн жылдын июнь айында түзөтүүлөр киргизилет деп ишендирип мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору чын эле кайра иштетилип чыккан, бирок юристтер айткан негизги тобокелдиктер ошол бойдон калган.

Мыйзам долбоору менен кыргызстандыктарга мурда кандайдыр бир себептер менен документке кирбей калган активдерин декларацияга киргизүү сунушталып жатат. Сөз жада калса жеке адамга жана жеке менчикке каршы кылмыштарды жасоо менен алынгандарды кошпогондо мыйзамсыз же кылмыштуу жол менен келген активдер тууралуу болууда. Ал үчүн атайын декларация тапшыруу керек.

Ошол эле кезде активдеринин келген булагын ачыктоого эч ким милдеттүү болбойт. Атайын даярдалган жаңы декларация алардын мыйзамдуу экенине тастыктама болуп берет.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда, эгерде атайын декларация көрсөтүлгөн болсо, мурда тапшырылган дектарациянын баарын жок кылуу сушунталууда. Ал эми атайын декларацияны коомчулукка жарыя кылуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейинки жаза каралган.

Садыр Жапаров өткөн жылдын июнунда парламентте сүйлөп жатып мыйзам долбоорунун максаты — коррупционерлерди коргоо эмес, байлыгын чет өлкөдө кармаган «байлардын» активдерин өлкөгө кайтартуу экенин белгилеген.

Ал эми мыйзам долбоорун сындагандардын бири — депутат Адахан Мадумаров — демилге «элдин эсебинен байыгандарга мунапыс берүүгө» багытталган деп билдирген.