Каракчылыкка шектелип, тогуз жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Польшада кармалды

«Каракчылыкка» шектелип, 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Польшада кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 16-февралда ИИМден билдиришти.

Шектүү. Сүрөт: ИИМ.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында автомат менен куралданган төрт белгисиз киши Honda CRV үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаанын айдоочусун «өлтүрөм» деп коркутуп, анын 1 млн 30 миң долларын алып коюшкан. 

Кийинчерээк кылмышка шектүү делген үч киши кармалып, төртүнчүсү белгисиз тарапка качып кеткен. 

Качып кеткен шектүү 9-февралда Польша — Украина «Любачув» көзөмөл-өткөрүү пунктунда кармалды. 

«Учурда аны экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралууда», — деп билдиришти милициядан.

Буга чейин, Ош шаарынын Тилеке-Баатыр көчөсүндө жайгашкан соода борборунун бирин тоноп, 5 млн 350 миң сом уурдоого шектелип чет өлкөлүк жаран кармалган. 

Бул факт боюнча «Уурулук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ири суммадагы акча уурдоого шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды

Баткен: Дүкөндө кишини атып өлтүрүүгө шектелген киши Тажикстанда кармалды