Баткенде эл аралык наркоканалды уюштурууга шектелип тургун жана милициянын лейтенанты кармалды

«Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан» багыты боюнча эл аралык наркоканалды уюштурууга шектелип Баткен районунун тургуну жана ага көмөктөшкөн милициянын лейтенанты кармалды. Бул тууралуу 20-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча пландуу иштин жүрүшүндө 12-февралда «Баткен — Ош» унаа жолунда кыргыз жараны кармалып, аны тинтүү учурунда баасы 1 млн 800 миң сомду түзгөн салмагы 3 кг 996,7 грамм афган тектүү «чарс» баңгизаты табылган.

Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштин жүрүшүндө Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусундагы кызматкери — милициянын лейтенанты кармалган. Ал мамлекеттик  чек аранын көзөмөлгө алынган аймактары аркылуу баңги каражаттары үчүн акы төлөө катары кызмат кылган транспорт каражатын өткөрүүгө көмөк көрсөткөн.

Шектүүлөргө «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо», «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» беренелери менен айып тагылып, Ош шаардык соту тарабынан УКМКнын тергөө абагына 5-мартка чейин камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Баңгизатка байланышкан иш боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалды 

Ошто аскер кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалды