УКМК: Кош бойлуу медайымга кол салган шектүү кармалды

Улуттук госпиталдын медайымынын денесине залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу 22-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүгө чара көрүүнү өтүнүп атайын кызматка медайымдар бирикмеси кайрылган. Тергөө учурунда медайымга кол салуу 19-февралда болгону аныкталды.

«Медайым оор абалдагы бейтапты таңарда шектүүнү палатадан чыгып кетүүнү суранган. Бирок акыркы эскертүүгө карабай шектүү терс мамиле жасап, кош бойлуу медайымды себепсиз сабаганы аныкталган. Натыйжада медайымдын башынын жумшак ткандары көгөрүп, “Боюнан түшүү коркунучу бар” деген диагноз менен ооруканага жаткырылган», — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган шектүү. Сүрөт: УКМК

Бул боюнча «Бейбаштык» беренеси менен иш козгоп, шектүүнү УКМКнын терөө абагына киргизди. Атайын кызмат шектүүнү биринчи милиция кармап, сурактан кийин тергөөгө келип турууну милдеттендирип коё берип жибергенин белгилешти.

Буга чейин Улуттук госпиталдын 14 неврологу иштен кетүү үчүн арыз бергени белгилүү болгон. Медиктердин көз карандысыз кошуунунун башчысы Бермет Барыктабасова медайымга тиешелүү ишти тергөөчү «созуп, врачты элдешүүгө көндүрүп жатканын» айтып чыккан.

«Саламаттык сактоо министрлиги эми аларды чакырып алып, кол салып атканына өзүңөр күнөөлүүсүңөр, андай бейтаптарды кабыл албай эле койбойт белеңер деп урушуп жатыптыр. Буга доктурлар алардын ар бири такай ушундай жагдайга кабыларын, кээ бириники билинсе,кээ бириники билинбей эле кала берет деп жооп беришиптир. Ушундай болуп атса анан врачтар кантип кетпей коёт эле?» – деген ал.