DALL-E нейросетинин жардамы менен жасалган иллюстративдик сүрөт.

Майнинг үчүн салык алына баштагандан бери Кыргызстандын бюджетине түшкөн киреше бир нече эсеге өстү. Бирок, андан бери Улуттук статком электр энергиясынын экспорту менен импорту боюнча маалымат чыгарбай калды. Ал эми Энергетика министрлиги болсо өлкөдөгү эң ири керектөөчүлөрдүн тизмесин жарыялоону токтотуп койду. Мунун баары «Клооп» аткаминерлердин майнинг схемалары тууралуу иликтөө чыгаргандан кийин болуп отурат. Болжолу, бийлик майнерлер мамлекеттин электр тармактарына мыйзамсыз кошулганын айгинелеген кыйыр далилдерди жашырып жаткан шекилдүү. Анан калса, мунун баары аймактарда жарык байма-бай өчүрүлүп, бул тууралуу жазган журналисттердин оозун жабууга аракет кылган учурлар менен коштолууда. 

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев элге кайрылып, эртең менен жана кечинде жылыткыч колдонбой, энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Чиновник Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү — соңку жылдарга алыштырмалуу эң төмөн экенин айтты. Балким жарык күнү-түнү өчүрүлбөгөндө тургундар бул чакырыкты түшүнүү менен кабыл алышмак. Жакында эле Сокулуктун тургуну «Клооптун» «Ашар» долбооруна кайрылып, электр жарыгы күндүз жана түнкүсүн белгилүү бир маалда өчүрүрүлүп жатканын себебин аныктап берүүнү суранып кайрылган болчу. 

Ал эми Economist.kg басылмасы Кыргызстандын статистика комитети башка өлкөлөр менен электр энергиясын соодалоо боюнча маалыматтарды жарыялабай калганын аныктап чыкты. Өлкөнүн өз ара соода жүгүртүү боюнча жылдык статистикалык бюллетенинде бул маалымат ТН ВЭД-2716 коду менен жарыяланган. Ал маалыматтар 2023-жылды жыйынтыктоочу бюллетенде жок.

Улуттук статистика комитетинен «Клоопко» Энергетика министрлиги маалымат берген эмес деп билдиришти. Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы «Клоопко» электр энергиясы боюнча соода статистикасы «эки өлкөнүн ортосундагы» келишимге ылайык жашыруун экенин айтты. Бирок, бул маалыматтар мурда жарыяланчу, 2023-жылдын ноябрында жалпы гана маалымат берилсе, кийин такыр эле жарыяланбай калган.

Статистиканы жашыра баштаган бир гана Энергетика министрлиги эмес. Министрликке караштуу Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору да энергияны эң көп керектегендер тууралуу маалыматтарды жарыялабай калды.

Бийлик энергетика тармагынын абалы тууралуу маалыматты «Клооптун» «Соларкоин» аталышындагы ири майнинг компания тууралуу бир катар иликтөөлөрүнөн кийин жашыра баштады. Анда компаниянын мамлекетке караштуу энергетикалык ишканалардагы жогорку кызматкерлер менен байланышы бар экени айтылган. Биринчи иликтөөдө бул компания мамлекеттик электр энергияны эбегейсиз колдонгон экинчи керектөөчү экени белгиленген. Кыргызстанда майнинг колдонууга тыюу салынган: УКМК бул үчүн майнерлерди кылмыш жообуна тартчу.

Буга президент Садыр Жапаров «Соларкоин» салык төлөйт, ал эми өзү «жайында, ашыкча электр энергиясы бар кезде гана» иштейт деп жооп берген (бирок ага дейре өлкө башчысы электр энергиясынын таңкыстыгына нааразы болгон). Бир нече күндөн кийин Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Соларкоин» Кыргызстандын электр энергиясынан баш тартып, Казакстандан сатып ала баштаганын билдирген.

«Клооп» «Соларкоиндин» жаңы энергия булагы Максим Бакиев менен байланышы бар белгилүү «ГЭС-Энерго Алматы» компаниясы экенин аныктаган. Өткөн жылдын октябрында бул шектүү компания майнинг ферманын ишине зарыл болгон электр энергиясына ээ эмес экенин көрсөткөн дагы бир иликтөө жарыяланган. Демек, «Соларкоин» энергияны дагы эле мамлекеттен же башка жактан алып жатат. Бул иликтөөдөн кийин Улуттук статистика комитети электр энергиясын импорттоо жана экспорттоо боюнча маалыматтарды жарыялоону токтотту.

Бийлик менен мамлекеттик энергияны мыйзамсыз пайдалангандардын жашырып жатканы бекер эмес: Кыргызстанда майнинг фермалардын кубатуулугу өсүүдө. Мунун далили — майнинг үчүн салыктан түшкөн кирешенин бир нече эсеге көбөйгөнү. 2024-жылдын январында ал өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. Ал эми 2023-жылдын декабрында киреше тарыхтагы эң жогорку чекке — 15,1 миллион сомго жеткен. Салыштыруу үчүн, «Соларкоин» майнинг фермасы электр энергиясын эбегейсиз керектегендердин тизмесине киргенге чейин, 2023-жылдын январында өлкөнүн бюджетине бул салыктан болгону 3,3 миллион сом, ал эми февралда 738 миң сом түшкөн. Март айынан баштап майнинг үчүн салыктан түшкөн киреше «Соларкоиндин» энергияны керектөөсүндөй эле өскөн.

«Клооп» майнинг фермалар керектеген электр энергияны декабрь айындагы 15,1 миллион сом салыктын негизинде эсептеп чыкты. Эгер салыктык база болуп 10% салык ставкасы боюнча электр энергиясы үчүн чегерилген сумма эсептелсе, анда декабрь айында эле майнинг фермалар 29 960 317,5 кВт/саат энергия керектешкен. Бул «Кумтөр» керектегенден да көп. Декабрда майнинг компаниялардын керектөөсү 41,6 мегаватты түздү — бул июлда «Соларкоин» керектеген 25 мегаваттан дээрлик эки эсеге көп. 2023-жылы өлкөдөгү бардык электр станцияларынын жалпы өндүрүшү 13,8 млрд кВт/саат деп бааланган. Бул майнинг фермалар өлкөнүн жалпы электр энергиясынын болжол менен 1,35% керектейт дегенди түшүндүрөт.

Кыязы, электр энергиясын кан таладай соргон «Соларкоин» сыяктуу компаниялар Кыргызстандын энергетикалык түйүнүндө балалап кеткендей. Алар жаратман ишкерлер менен ансыз да жарыктын өчүрүлүп жатканынан жадаган карапайым калктын эсебинен кан сорууну улантып жаткандай. Ал эми өлкө бийлиги энергетика тармагын тартипке келтирүүнүн ордуна маалыматты жашырып, көз карандысыз журналисттердин оозун жабууда — мамлекеттик ЖМК болсо майнинг мафиясы тууралуу ооз ачпайт.

P.S. 4-мартта, Энергетика министрлигине кайрылгандан беш күн өткөндөн кийин министрдин орун басары Таалайбек Байгазиев маалымат жыйын өткөрүп, Кыргызстанда бир гана (?) компания майнинг менен алектенип жатканын айтып берди. «Алар биздин электр энергияны колдонушпайт, жеткирүүчүлөр менен, менимче, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан менен өздөрү макулдашып алышкан. Бирок ал бизди кызыктырбайт, эң негизгиси өзүн өзү камсыздап жатат. Сааттык эсеп менен алганда, энергиянын келген көлөмү 30 мегаваттка чейин жетет», — деп жазды Байгазиевдин айткандарын «Кактус» басылмасы.

Бул абдан кызыктай билдирүү. 2023-жылдын декабрында Кыргызстанда бир эмес, төрт майнинг ишканасы катталган (2022-жылы алардын саны 11 болчу). Экинчиден, 30 МВт дегенге караганда, сөз «Соларкоин» жөнүндө болуп жатат. Бирок былтыр августта энергетика министри Ибраев аталган компания энергияны Казакстандан алып жатат деп ишендирген. Эми орун басары Орусия, Өзбекстан, Тажикстан тууралуу кеп кылууда. Анан калса, айткандары ишенимсиз.

Замандаштар, анан киловаттар кайдан чыкты?

Эгер мыйзамсыз майнинг же коррупция тууралуу маалымат билсеңиз, бизин aruuke1@proton.me почтасына жазыңыз (бул жакка катты Gmail жана Proton серверлеринен гана жөнөтө аласыз).

Эгерде сиз жашаган аймакта электр жарыгы күн сайын өчүрүлүп же чечилбеген социалдык көйгөйлөр болсо, биздин «Ашар» долбооруна кайрылыңыз: t.me/asharkloop, +996 220 136 242 (WhatsApp).

Авторлору: Арууке Солтоной, Виктор Мухин, Екатерина Резникова