Жапаров электр жарыгын керектөөгө коюлган чектөөнү келерки жылытуу мезгилине даярдык деп атады

Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров азыркы тапта электр энергиясын пайдаланууга чектөө киргизилгенин «келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү катары түшүнүү керек» деп билдирди.

Ал 50 жылдан ашык тынымсыз пайдаланылып келген Токтогул ГЭСинин 1-агрегаты жана Үч-Коргон ГЭСинин 4-агрегаты дээрлик жараксыз абалга келгенин белгиледи. Алар 5-марттан тарта реконструкциялоо үчүн токтотулду. 

«Ушуга байланыштуу электростанциялардын кубаттуулугу 290 МВт саатка азаят. Мындай кырдаалда энергетика системасында тиешелүү болгон 290 МВт саат электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, бул өлкө керектөөчүлөрүнө электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат. Электр энергиясы эң көп керектелген эртең мененки жана кечки маалга аны колдонууга чектөө киргизилет», — деди ал.

Ошондой эле Жапаров 30 жылда бир дагы кошумча ГЭС курулбаганын айтып, элдин саны эки эсеге жакын өскөнүн белгиледи.

«Азыр мен деле эптеп президенттик убактымды өткөрүп, "көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин" деп жатып алсам болот эле. Бирок абийирим жол бербеди. Элге жаман көрүнсөм мейли, бирок баарын иретке келтирип кетейин деп бел байладым. Азыр эми эки жылдан бери 50дөн ашык орто жана чакан ГЭСтерди куруп жатабыз», — деди ал.

Аны менен катар, президент Токтогул суу сактагычынан суу сатууга мүмкүн эмес экенин билдирди. Ал мындай сөздөрдү «түшүнүгү жок же популист адамдардын энергетиктерге жапкан жалаасы» караты сыпаттады.

«Ал жерде онлайн камералар орнотулган. Баары түздөн-түз көзөмөлдө турат. Экинчиден, ким суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын демекчимин. Эгер жолун таап саткан болсо, андай кызматкерлер жазасыз калбайт. Өтө катуу жазасын алат», — деди Жапаров.

Өлкө башчысы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүтсө, ал Борбор Азиядагы ири ГЭСтердин бири болорун белгиледи. Ал «максатыбыз — келечекте электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айлануу» деп кошумчалады.

6-мартта «Улуттук электр тармагы» ишканасы электр жарыгын керектөөгө чектөө киргизген. Мындай чара Токтогул жана Үч-Корган ГЭСтеринде гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери башталганы менен түшүндүрүлгөн. 

ТЕМА БОЮНЧА:

«Улуттук электр тармагы» ишканасы электр энергиясын керектөөгө чектөө киргизди