Бакиевдин мурдагы маалымат катчысы Алмас Турдумаматов 24.kg’нин ээси жана жетекчиси болду

24.kg маалымат агенттигинин жаңы ээси жана жетекчиси Алмас Турдумаматов болду. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин сайтындагы басылма тууралуу маалымат жаңыланган соң белгилүү болду.

Алмас Турдумаматов 2008-жылы бозгун президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы, 2009-жылы президенттин катчылыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси болгон. 2010-жылдын апрелинде бийлик алмашкан соң кызматтан кеткен.

2008-жылдары ал бийликке таандык 5-каналды негиздегендердин бири болуп, башкы продюсер болуп иштеген. Кезинде 24.kg басылмасынын кыргызча бөлүмүнүн редактору болгон.

24.kg’нин мурдагы жетекчиси Асел Оторбаева фейсбук барагына рейдерлик басып алуу болбогонун жазды. Ал басылмадан кетүүнү бир жыл мурда чечкенин, бирок үй-бүлөлүк шарт жана кылмыш ишине байланыштуу иштеп келгенин айтты.

«Негиздөөчүсү белгилүү журналист Алмаз Турдуматов болду. Эмнеге? Аны көптөн бери билем. Буга чейин сайттын кыргыз кызматында редактор болуп иштеген. Мамлекеттик органдар менен кызматташуу тажрыйбасы бар, бул башкы менеджмент ишинде маанилүү нерсе. Эки тилди тең билет, бул дагы актуалдуу. Тарбиялуу, билимдүү, интеллигент», — деп жазды ал. 

Ал эми басылманын «негиздөөчүлөрүнүн» арасына Гүлжан Шерипбаева кандайча кошулуп калганын Минюст менен такташып аларын кошумчалады.  

Ошондой эле Оторбаева агенттиктин редакциялык саясатын өзгөртүү боюнча «сөз болгон эмес жана эч качан болбойт» деп белгиледи.

24.kg’нин айланасындагы окуялар

Буга чейин 24.kg маалымат агенттиги кайра каттоодон өтүп, журналист Гүлжан Шерипбаева директор болгону тууралуу маалымат тараган. Ал басылмага эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Ал эми 24.kg’нин шеф-редактору Махинур Ниязова кызматтан кеткенин кабарлаган. Ал басылманын негиздөөчүсү эмнеге алмашканы боюнча маалыматы жок экенин кошумчалаган.

Басылманын жетекчилигине карата «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголголуп, 15-январда Оторбаева менен Ниязова күбө катары сурак беришкен. Ушул тапта иш тергелип бүтө элек. УКМК кайсы материал боюнча иш козгологонун ачыктай элек.

24.kg агенттигинин кеңсеси 15-январдан бери жабык турат — ошол күнү УКМКнын кызматкерлери басылманын кеңсесин тинтип, мөөр басып кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жетекчиси башка». Гүлжан Шерипбаева 24.kg’ге эч кандай тиешеси жок экенин айтты