Май айынан тартып электр жарыгы үчүн тариф кымбаттайт

Энергетика министрлиги электр энергиясы үчүн тарифти бир ай эрте кымбаттата турган токтом иштеп чыкты. Жарык үчүн тариф пландалгандай июнь айында эмес майда көтөрүлөт.

Министрлик жаңы тарифти азырынча жарыялай элек. Kaktus.Media инфляцияны эске алуу менен 11 тыйынга кымбаттайт деп жазды.