Сузактагы кырсык: Жабырлануучулардын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан акча бөлүндү

Сузактагы кырсык: Жабырлануучулардын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан акча бөлүндү. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди. Реанимацияда жаткан беш баланын үй-бүлөсүнө 200 миң сомдон берилсе, калган жабырлануучуларга — 50 миң сомдон бөлүндү.

«Азаттык» басылмасы Ташиев 3-майда жабырлануучулар жана алардын ата-энелери менен жолугушканын жазды. Ал абалы оор балдар Бишкекке учак менен жеткирилип, дарыланарын айтты.

УКМКнын башчысы каргашалуу окуя коопсуздук эрежелеринин сакталбаганынан жана шалаакылыктан, ошондой эле иш-чараны уюштуруудагы кемчиликтерден улам болгонун белгиледи.

«Мунун баарын иликтейбиз. Тиешелүү адамдар жообун алышат. Президент дагы тиешелүү адамдардын жоопкерчилиги тууралуу сунушту күтүп турат. Коопсуздук кызматынын, милициянын жана прокуратуранын өкүлдөрү бул маселени ийне-жибине чейин иликтеп чыгат», — деп билдирди Ташиев.

Мындан сырткары, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү да жабыркагандарга акчалай жардам берилерин билдирди.

2-майда Сузак районунун Жерге-Тал айылындагы Катмы жайлоосунда балдардын республикалык кароо-сынагынын алкагында «Манас» эпосун айтууга катышкан окуучуларды унаа тепселеп кеткен. Иш-чарага жалпысынан 3000ге жакын мектеп окуучулары катышып жаткан.

Укук коргоо органдарынын айтымында, Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын таштап кеткенден кийин ал дөңсөөдөн оодарылып, ондогон адамды сүзүп кеткен. Окуя боюнча иш козголуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 3-май таңга карата Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу бар, 11 мектеп окуучусу амбулатордук дарыланууга чыгарылган.