12-июнда Ош шаарындагы ишкер Мээргүл Каракозуева бизнесин Шүкүрали Мадаминов тартып алууга аракет кылып жатканын айтып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылды.
«Камчыбек Ташиев мамлекетти какшаткан адам азыркы учурда мени какшатып жатат. Жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз. Булардын колунан жабыр тарткан менден башка да адамдар көп экен», — деди Каракозуева.
Ишкердин айтымында 2018-жылы Шүкүрали Мадаминовдун аялы жана уулдары Каракозуеванын «Конок центр» хостелине барып үйрөтүүсүн сурап, кардар бер деп таанышып кетишкен.
«Тынымсыз артыман чуркап, “Арендага эле ал, сатсам сага сатам”, — деп мени көндүрүп, 10-февраль 2020-жылы мага ыңгайсыз келишим түзүп, гостиницаны 2021-жылы майда толук өткөрүп берген. “Келишимди нотариустан өткөрүп коёлу” десем алдап, созуп жүрдү. Көрсө имарат банкта залогдо экен. 2023-жылы нотариустан өткөрүүгө уруксат кагазын банкка берүү үчүн Мадаминова Бактыгүлдөн сурадым. Ал бербей созуп жүрүп, аягында “бошот, сатам” деди. Сатсаң мага сат десем “сага сатпайм” дейт», — деди Каракозуева.
Ишкер мүлктүн ээси сууну, светти, жылуулукту өчүртүп койгонун айтып, ошол эле учурда ижара акысын алып жүргөнүн кошумчалады.
«Чирип калган имаратты толук реконструкциядан өткөрүп, ичин толтуруп, клиент көндүрүп, туруктуу бизнес болуп келаткан. Жыйнап-топтогон каражатымдын баарын салып, кредит алып, зорго бүтүргөн отелимди Шүкүр Мадаминовдун үй-бүлөсү тартып алып жатат», — деп жазды ишкер.
Ал эми Мадаминовдордун үй-бүлөсү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. «Клооп» материалда алардын пикирин да чагылдырууга даяр.
Ош ШИИБден эки тарап тең арыз жазганын билдиришти. Учурда териштирүү иштери башталды.
2021-жылы августта Шүкүрали Мадаминов кызматтан кетерден бир апта мурун MediaHub жана «Т-Медиа» басылмасы Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы акыркы беш жылда жарыялаган тендерлер тууралуу иликтөө жарыялаган.
Анда журналисттер Мадаминов 2016-жылы Ош ККБсын жетектеп баштагандан тарта 1 млрд 143 млн сомдук 309 тендер өткөргөнүн, анын 100дөй тендерин Мадаминовдун туугандары жана достору утуп алганын ачыкташкан. Жалпысынан Мадаминовго байланыштуу компаниялар 340 млн сом утуп алышкан.
Ошол эле жылы декабрда Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Шүкүрали Мадаминов мэриянын балансындагы кызматтык унааны алып, айрым тетиктери жок кайтарганы боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Каракозуева Ош шаарындагы «Конок центр» жана «Арт» отелдин негиздөөчүсү. 2016-жылы АКШда өткөн «Ишкерлердин глобалдык саммитинин» катышуучусу. 10 жылдан ашуун убактан бери туризм тармагында эмгектенип келет.