Ош мэриясына караштуу жол тандабас боюнча милиция кылмыш ишин козгоду

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Шүкүрали Мадаминов мэриянын балансындагы кызматтык унааны алып, айрым тетиктери жок кайтарганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Ашимжан Семетеев 11-декабрда арыз менен кайрылган. Анда ал Мадаминов мэриянын балансында турган «Тойота Лэнд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү унааны 2016-жылы «жетекчилик менен сүйлөштүм деп алып, кайтарбай жатканын» билдирген.

Ош ШИИБи бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

«Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү адамдар суралып, тергөө аяктаган соң кошумча маалымат берилет», — деп билдирди ШИИБдин басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов.

«Унаа айрым тетиктери жок кайтарылган»

Буга чейин «НурТВ» жергиликтүү телеканалынын журналисттери Ош мэриясынын кызматтык унаасына байланыштуу репортаж жарыялаган. Анда Ош шаардык автогараждын башчысы Нурлан Түркбаев «Тойота Лэнд Крузер Прадо» унаасы ошол кездеги биринчи вице-мэр Замир Аскаровго таандык болгонун билдирген.

Кийинчерээк вице-мэрлерге «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кызматтык унаалар берилип, «Тойота Лэнд Крузер Прадо» Шүкүрали Мадаминовго өткөнү айтылган. Түркбаев журналисттерге алар кызматтык унааны Мадаминовдун үйүнөн алып келишкенин, унаанын абалы начар экенин айткан.

«Арыз жазып, калыбына келтиребиз. Мурдагы биринчи вице-мэр [Замир Аскаров] айдоочусун чакырдык, ал келип эмнелер жетишпей жатканы тууралуу акт түздүк», — деди Түркбаев.

Ал эми Аскаровдун ошол кездеги айдоочусу Нурлан Баймурзаев Шүкүрали Мадаминов «унааны бергиле, мен мэрден сурадым» деп алып кеткенин айтып берген.

«“Мен мэрден [Айтмамат Кадырбаевден] сурадым, мэр мага берди” деген [Мадаминов]. Мага дагы, биринчи вице-мэр [Замир Аскаров] айткан. Анда биринчи вице-мэр “мейли, берип кой мэр айткан болсо” деген. Мен алып барып, көрсөтүп, бергенмин», — деди Баймурзаев.

Анткен менен Ош мэриясынын аппарат башчысы Камчыбек Досматов «кызматтык унаалар атайын талаптардын негизинде берилет» деп билдирген. Бирок «Тойота Лэнд Крузер Прадо» Мадаминовго мыйзамдын негизинде эмес, «мэр аралашкандыктан» берилген болуп чыккан.

Шүкүрали Мадаминов ага коюлган дооматтарды четке какты. Ал кызматтык унааны «начар абалда» алганын, аны оңдотуп бирок мине албай койгонун билдирген. Ошондой эле Мадаминов Оштун мэриясында жол тандабаска ээлик кылганын тастыктаган документтери жок болгонун кошумчалаган.

«Анын документи жок, азыр деле жок. Прокуратура, УКМК болуп таппай жүрүшөт. [Унааны] кандай кылып берсе, ошондой кылып алып кетишти», — деди Мадаминов.

Шүкүрали Мадаминовго байланыштуу иликтөө

Шүкүрали Мадаминов кызматтан кетээрден бир апта мурун Ali Toktakunov’s MediaHub жана «Т-Медиа» басылмасы Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы акыркы беш жылда жарыялаган тендерлер тууралуу иликтөө жарыялаган.

Анда журналисттер Мадаминов 2016-жылы Ош ККБсын жетектеп баштагандан тарта 1 млрд 143 млн сомдук 309 тендер өткөргөнүн, анын 100дөй тендернин Мадаминовдун туугандары жана достору утуп алганын ачыкташкан.

Жалпысынан Мадаминовго байланыштуу компаниялар 340 млн сом утуп алышкан.

Алгач иликтөөчүлөр Оштун капиталдык курулуш башкармалыгынын тендерлерине катышкан «Модерн Групп» жана «Маклер-Фетва» компанияларды изилдеп, аларды бир туугандар Уларбек Туратов жана Жылдыз Туратова ээлик кылаарын аныкташкан.

Ал эми «Маклер-Фетваны» иш жүзүндө Туратованын күйөөсү Мамадык Балтаев башкарат — ал Шүкүрали Мадаминовдун жээни. «Маклер-Фетва» акыркы беш жылда шаардык бюджеттен 32 млн сом уткан.

Ошондой эле журналисттер Мадаминов Ош ККБсына жетекчи болуп дайындалгандан эртеси күнү анын уулу Мухаммедали Астанов ээлик кылган «Долбоор» компаниясы башкармалык жарыялаган 70 миң сомдук тендерди утуп алганын аныкташкан. Арадан эки апта өтүп, «Долбоор» 140 миң сомдук тендерди уткан. Эки тендер тең түз келишимдин негизинде ишке ашкан.

Ошондой эле Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган тендерлерди «Тогуз-Булак» ЖЧКсы да утуп келген — аны Мадаминовдун аялы Бактыгүл жана бир тууган агасы Куватбек негиздеген. Аталган компания 2020-жылдын август айында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жаш балдар үчүн аянтчаны курууга 500 миң сомдук тендер уткан.

Мадаминов «Тогуз-Булак» компаниясы «15 жыл мурун башка адамдарга сатылып кеткенин» айтууда. Анткен менен журналисттер Куватбек Мадаминов «Тогуз-Булактан» 2018-жылы, ал эми Бактыгүл Мадаминова 2020-жылы чыгып кеткенин аныкташкан. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин аталган компанияны Мадаминовдун баласы Мухаммедали Астанов жетектеп келет.

Иликтөөчүлөр Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган жалпысынан 250 млн сом турган тендерлерди «Мерудан», «Мираж-Профи» жана «Жакып Ата» компаниялары утуп келгенин, алар да Шүкүрали Мадаминовго тиешеси бар болгонун аныкташты.

«Мираж-Профинин» негиздөөчүлөрүнүн бири Чыңгыз Абдыкаров «Мерудандын» бухгалтери жана «Жакып Атанын» директору. Ал эми «Мерудан» менен «Мираж-Профинин» мурдагы ээси Абдулазиз Мадумаров — ал «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаровдун бир тууганы. Мындан сырткары, Абдулазиз Мадумаровдун баласы Жармухаммад Абдулазиз уулу «Мираж-Профинин» негиздөөчүлөрүнүн бири.

«Абдулазиз [Мадумаров] “аяш агам” да, бир айылдан болсок. Тууганбыз да [...] Адахан Кимсанбаевич [Мадумаров] менин тууганым экенин чанбайм. Жакын тууганым, жакын досум десем да болот. Эми балдары…“Мерудан” конкурска катышса, эми жакын дегенде бир тууган эмеспиз, мындай айылдаш адамбыз да», — деген Мадаминов «Т-Медиага» курган маегинде.

*Шүкүрали Мадаминов 2015-жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» менен аттанган. Бирок партия Жогорку Кеңешке өткөн эмес. Ал эми 2016-жылы анын уулу Акматали Мадаминов ошол кезде бийликчил болгон КСДП партиясынан Ош шаардык кеңешке депутат болуп шайланган.

«Жакып Ата» компаниясы 2017-жылы Ош шаарына караштуу Озгур айылында тротуар бастырууга 7,7 млн сомдук тендер утуп алган. Компания иштерди 45 күндүн ичинде бүтүрүүнү убадалаганы менен иш жүзүндө ал 2019-жылдын аягында бүтүрүлгөн. Мындан сырктары, «Жакып Ата» кошумча акча сурап, тротуардын салынышы жалпысынан 11,2 млн сомго түшкөн.

«Бул жерге үч чакырымдык тротуар салынган. Өзүңүздөр көрүп тургандай жолдун бир канча бөлүгү таштандыга жана отоо чөптөргө көмүлүп, кээ бир жерлерде адам баспаганын далилдегенсип чөптөр өсүп кеткен», — деген «Т-Медианын» журналисти Ажибай Пайзидин уулу.

Ал эми Токтакунов учурда Озгурда салынган тротуар боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалаган.