Кара-Кулжа: Сел агызып кеткен үй-бүлөнүн төртүнчү мүчөсүнүн сөөгү табылды

30-июнь саат 22:15 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жетим-Дөбө айылында сел бир үй-бүлөдөн беш кишини агызып кеткен.

ӨКМден буга чейин алардын бири куткарылып, үчөөнүн сөөгү табылып, бири изделип жатканын билдиришкен.

Ош облустук милициядан аман калган 8 жаштагы кыз райондук ооруканага жеткирилип, денесинен алган жараатына медициналык жардам көрсөтүлгөнүн маалымдашты.