Ноокат: Селден каза тапкандардын саны тогузга жетти

ӨКМден жаш баланын жана аялдын сөөгү табылганын билдиришти. Каза болгондордун өздүгү такталууда.

Басылмалардын маалыматына ылайык, жалпы каза болгондордун алтоо 8 жаштан 19 жашка чейинки өспүрүмдөр — жакын туугандар болгон.

Ноокат районундагы селден жабыркагандардын арасында Казакстандын жашы жете элек эки жараны да бар. Дагы эки казакстандык дайынсыз болуп, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп жатышат.