УКМК: 1 миң 100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз сатууга шектелип үч киши кармалды

Сүрөт: Шектүүлөр.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Сарай-Сай» кенинен көлөмү 1 миң 100 тоннадан ашык алтын руданы мыйзамсыз ташып чыгууга шектелип үч киши кармалды.

УКМКнын маалыматына ылайык, шектүүлөр руданы жалган документтер менен Кара-Балта тоо-кен комбинантына сатууну көздөшкөн.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 25-июнда окуяга шектелип 3 киши кармалды.

«Кармалгандар жасаган кылмыштарын мойнуна алып, 27-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалгандардын экөөсү УКМКнын тергөө абагына киргизилди», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Тергөө иштери уланууда.