«Авангард стиль» курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Минкеев курулуштардагы кырсыктарга байланышкан иштин алкагында кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме кылып жазды.
Минкеев менен бирге дагы бир нече кызмат адамы кармалганы, арасында Бишкек шаары боюнча архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы бар экени айтылууда.
УКМКнын маалыматына ылайык, 2024-жылы курулуш аянттарында жумушчулар бийиктиктен кулаган 172 факты, 2025-жылдын үч айында 30дан ашык учур катталды. Мекемеден мындай кырсыктардын көбөйүшүнө жооптуу кызмат адамдарынын техникалык коопсуздукка тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөнү себеп экенин белгилешти.
«Ошол эле маалда курулуш компаниялары каржы мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, жабыркагандардын туугандарын сатып алуу жолу менен эч кандай дооматтары жок экендиги тууралуу арыздарды алып, укуктук жана кылмыш жоопкерчилигинен качып кетишет», — деп билдиришти УКМКдан.
Минкеев 2023-жылы, атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин да кармалып, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу иши боюнча айыпталган.
Ал бир айдан кийин келтирилген чыгымдын ордун толтурган соң тил каттын негизинде бошотулган.