УКМК Жалал-Абадда «Аптека баңгичилигине» бөгөт коюлганын билдирди

Атайын кызмат 1-июлда Жалал-Абадда «аптека баңгичилигине» бөгөт коюлганын билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарындагы дарыканаларда жана жеке турак жайларда «Лирика» жана «Мидакс» (тропикамид) психотроптук препараттарын мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган.

«Тактап айтканда, дарыканалардын кызматкерлери жана айрым жарандар материалдык пайда алуу максатында психотроптук заттарды тиешелүү медициналык рецептсиз жана мыйзамсыз сатып алып, аларды саткандыгы такталды», — деп билдиришти УКМКдан.

Ошол эле учурда аталган фармацевтикалык каражаттарды негизинен жаш өспүрүмдөр сатып алып, мас абалына жетүү үчүн колдонгону айтылды.

Кылмыш ишинин алкагында дарыканаларды жана жеке турак жайларды тинтүү учурунда каттоодон өтпөгөн психотроптук препараттар — 530 даана «Лирика», 220 даана «Мидакс» табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.