Бишкек ЖЭБдин директору болуп кайрадан Нургазы Курманбеков дайындалды

Бишкек ЖЭБдин мурдагы жетекчиси Алпбек Садыров өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Нургазы Курманбеков дайындалды. Бул тууралуу 2-июлда Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы директорду жылуулук электр борборунун жамааты менен вице-мэр Таалайбек Байгазиев тааныштырды.

Нургазы Курманбеков 2014-2016-жылдары Бишкек ЖЭБдин башкы инженеринин орун басары, 2017-2018-жылдары башкы инженер, 2018-2021-жылдары Бишкек ЖЭБдин башкы инженеринин орун басары, 2021-2022-жылдары Бишкек ЖЭБдин директору, 2022-2023-жылдары «Электр станциялары» ишканасынын жабдууларды эксплуатациялоо кызматынын жетектөөчү инженери болуп эмгектенген.

Ал эми Бишкек ЖЭБдин мурдагы жетекчиси Алпбек Садыров ЖЭБди быйыл январдан бери жетектеп келаткан.

Үстүбүздөгү жылдын 2-февралга караган түнү Бишкек Жылуулук электр борборунун бир от казаны жарылып, нөөмөттөгү беш кызматкер жабыркап, ооруканага жеткирилген. Кийин, жабыркагандар Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөнү белгилүү болуп, ТИМден жаракат алгандардын абалы жакшырганын кабарлашкан.

Бишкек ЖЭБде 2018-жылдын январь айынын аягында да жарылуу болгон. Анда шаардыктардын үйлөрүндө температура төмөндөп, ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган. Аварияга чейин ЖЭБ 386 миллион доллар насыянын эсебинен модернизацияланган. Кийин бул боюнча кылмыш иши козголгон.