Жылуулук борборундагы жарылуудан жабыркагандардын абалы жакшырганы кабарланды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылууда жаракат алып, Түркияда дарыланып жаткан эки адамдын абалы жакшырып, айыгуу стадиясына түштү. Бул тууралуу 27-февралда ТИМден билдиришти

Маалыматка ылайык, бейтаптар жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулат.

Ал эми 17-январда аскердик тик учак кыйраганда жабыркаган эки кыргызстандык жаран пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмүндө дарыланып жатат.

«Кыргызстандын Түркиянын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары жана дарыгерлер менен дайыма байланышта. Бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда. Бул маселе ТИМдин жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө», — деп айтылат билдирүүдө.

2-февралга караган түнү  Бишкек Жылуулук электр борборунун бир от казаны жарылып, нөөмөттөгү беш кызматкер жабыркап, ооруканага жеткирилген. Кийин, жабыркагандар Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөнү белгилүү болгон. 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандык дарыгерлерин мындай оор күйүктү (80-90%) дарылоодо тажрыйбасы аз болгондуктан, түрк дарыгерлери бейтаптарды аларга жөнөтүүнү сунушташкан билдирген

Министр андан сырткары 17-январда Түркияга тик учак кырсыгында жабыркаган эки аскер да дарыланууга жөнөтүлгөнүн айткан. 

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бишкек ЖЭБинде өзгөчө кырдаал». Жылуулук берүүнү калыбына келтирүүгө 5-7 күн керектелет