БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди

Аны «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан минкабдын жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, Садыр Жапаров менен Антониу Гутерриш Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулашат.

«Тараптар кеңири эл аралык күн тартибин — аймактык маселелердин алкагында кызматташууну, аймактык коопсуздукту жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулашат. Башкача айтканда, БУУнун чоң күн тартибине бириктирилген бардык маселелер каралат», — деди Азымбакиев.