Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенти кызматынан кетти

Уюмдан билдиришкендей, буга чейин федерациянын эксперти Рамис Кудайбергенов Зулушев менен жолугушуп, Казакстандагы Көчмөндөр оюндарына даярдык тууралуу айтып берген. Андан соң ал кошумча адистер керектигин, себеби белгиленген убакыттан кечигүү болуп атканын белгилеген.

Зулушев буга макул экенин жана уюмга «жаш жана күч-кубаттуу жетекчи» керектигин билдирген. Андан кийин ал бул кызматка Айбек Абылкасымовду сунуштаган.

Абылкасымовдун уюмдун башчысы кызматына талапкерлиги расмий 17-июлда Көк бөрү федерациясынын конференциясында көрсөтүлүп, ал жерден уюмдун жаңы президенти шайланат. Ага чейин президенттин милдетин федерациянын вице-президенти Нурлан Максүтов аткарып турат.

Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп быйыл апрелде шайланган. Ал эми башкы прокурорлук кызматты ал 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын июнуна чейин аркалады.