Евросоюз Орусияга криптовалюта аркылуу акчалардын изин жашырууга жардам берип жаткан кыргызстандык компаниялар менен банктарга жаңы санкцияларды киргизди. Президент Садыр Жапаров болсо бул санкцияларды негизсиз деп айтып келет. Бирок кыргыз бизнеси бул схемаларга аралашканы боюнча, муну менен шугулдангандар орус Федералдык коопсуздук кызматына жакын адамдар экени боюнча далилдер бар.

Европа Биримдигинин санкцияларынын кезектеги 19-топтомуна Кыргызстандагы Евразиялык сактык банкы (Бакиевдин тарапташтарына тиешелүү) жана «Толубай» банк кирди. Андан тышкары, санкцияга кыргызстандык Grinex криптобиржасында сатылган орусиялык A7A5 криптовалютасы илинди. РБК басылмасы Евросоюздун документтерине таянып, Grinex компаниясы өзү да санкция тизмесинде экенин жазды. Август айынан тартып компания ансыз деле Улуу Британия менен АКШнын санкциясында болчу.
Евросоюз мамлекеттеринин резиденттерине бул уюмдар менен эч кандай келишим түзүүгө, кызмат көрсөтүүгө болбойт. Алардын Евросоюздун аймагындагы бардык активдери (банктык эсептери, мүлкү) тоңдурулат.
Ал эми Садыр Жапаров 23-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, кыргыз компанияларына каршы санкцияларды кезектеги жолу өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү жана анын экономикасына басым катары баалаган.
Мүмкүн, президент анда АКШ жана Улуу Британиянын августта «Капитал Банк», Old Vector компаниясы жана Grinex криптобиржасына каршы санкцияларын айткысы келгендир. Бул биржа Бишкекте А5А7 стейблкоиндерин сатып жүргөн. АКШнын Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, анын жардамы менен Орусиянын аскердик Промсвязьбанкы санкцияларды кыйгап, дүйнөнүн булуң-бурчуна Орусиядан акча которот.
Стейблкоин — кадимки акчага байланган криптовалюта. Мисалы, доллар, евро же юаньга. Бул ага курсту туруктуу кылып кармоого жардам берет (стейбл — туруктуу дегендик).
Бирок А7А5 — жөн эле стейблкоин эмес. Бул Орусияда санарип финансылык актив деген статусту алган жападан жалгыз криптовалюта. Бул деген, анын оператору Орусиянын Борбордук банкы тарабынан аккредитация болгон жана активдин ээсинин алдында юридикалык милдеттери бар дегенди билдирет.
Танкта отургандай ишенимдүү болгону менен ары жагы кызыктай.

А7А5ни Орусиянын А7 компаниясы иштеп чыккан. Анын молдовалык бозгун олигарх Илан Шор ачкан. А7А5нин оператору Орусиянын мамлекеттик Промсвязьбанкы көзөмөлдөгөн «Токеон» компаниясы эсептелет. Бирок бул стейблкоиндерди эмнегедир Бишкектин Old Vector компаниясы чыгарып жатат. Аларды сатканда да Бишкекте, Орусияда аккредитациядан өтпөгөн Grinex биржасында сатып жатышат.
«Клооп» буга чейин айткандай, А7А5 аркылуу Grinex’те Орусиядан миллиарддаган долларлардын изи жашырылган, алар санкциялануучу товарларды сатып алууга жумшалып турган. Бул схемага Бишкектеги «Капитал Банк» катышкан. Натыйжада бул юридикалык жактын баары санкцияга кабылган.
Илан Шордун учагында каттаган Садыр Жапаров мурда жай айларында эле АКШ менен Улуу Британия кыргыз банктары менен кыргыз компанияларына санкцияларды далилсиз киргизген деп арызданганы бар. «Бирок санкцияларды кыйгап өткөн бир дагы факты көрсөтө алышкан эмес. Көрсөтө да алышпайт эле. Себеби санкцияларды кыйгап өткөн бир факты жок эле. Азыр деле жок», — деген эле ал.
Бирок 10-сентябрда «Транспаренси Интернэшнлдын» чоң иликтөөсү чыккан. Ал Grinex — бул Орусияда чуудан улам аты чыккан Garantex биржасынын бир бөлүгү экенин көрсөткөн. 2022-жылы ал акча адалдаганы үчүн санкцияга кабылган, бирок жок болуп кетпей эле бир нече компанияга чачырап кеткен. Алар ошол эле көнгөн кызматтарын сунуштап, ошол эле криптокапчыктардын даректерин колдонуп, Garantex сыяктуу ошол эле Москва-Ситидеги кеңселерде отурушат.
Grinex — бул Garantex’тин эле бир бөлүгү экени Орусияда жайында эле айтылып жүргөн. Grinex караштуу тармактын уюштуруучусу жана жетекчиси деп Garantex’ти негиздеген орус ишкери Сергей Менделеевди айтышууда.

ФСБнын криптоимпериясы
Менделеев өзү Grinex’тегилерди тааныбасын айтууда. Бирок анын өмүр таржымалы менен тааныш-билиш байланыштары андай эместигин айгинелеп турат.
Орусия криптовалюта майнингинин көлөмү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. CASE’нин маалыматы боюнча, Орусиядан чыгып кайткан көмүскө которуулар базарынын комиссиясы эле жылына 10 — 30 млрд долларды түзөт. Албетте, атайын кызмат мындай суммаларды көрмөксөнгө салып коё алган эмес.
2019-жылы, Менделеев Москва-Ситиде Garantex криптобиржасын ачары менен, ал жерди күч кызматтары бастырып кире баштаган. Андан соң Менделеевдин өнөктөшүнөн бизнести өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Ал өнөктөшү мындан улам Дубайга кетип, ал жерден кандайдыр бир түшүнүксүз жагдайда унаасы менен көпүрөдөн учуп кеткен. Менделеев өзү болсо биржадагы өз үлүшүн ФСБдагы таасирдүү генералдын айланасындагы адамдарга көчүрүп берген.

3-сентябрда Менделеев Орусияда криптовалютчик, майнер, вебкамщик, кардер жана башка ушундай сыяктуулар чогулган «Состав» деген клубдун жыйналышына барып катышкан. Бул клубду көмүскөдөгү финансист Михаил Жуховицкий уюштурган. Путиндин Украинага кол салуусунан кийин ал Кыргызстанга көп каттай баштаган. Ал тургай бай орусиялыктарга кыргыз аялдары менен кыргыз жарандыгын алуу канчалык ыңгайлуу, пайдалуу, оңой экенин жарнамалаганы бар.

Жуховицкий орус криптобизнеси бийлик жана атайын кызматтар менен камыр-жумур болуп кеткенин жашырбайт.
«Жолдош майор, дал ушул наамы менен, ушул ишембиде бизде (клубда — ред.) лекция окуйт, — деп мактанат ал. — Контор* ... Бизге түзүмдөр келип ачык киргени — бул өтө жакшы. Жашыра турган эч нерсе жок… Кайсы бир деңгээлде бийлик менен бизнестин кошулуусу болуп атат. Ансыз эч болбойт. “Составда” чоң, системдүү, КМШ криптобазарын көзөмөлдөгөндөр көп, бардык лицензиялары менен».
* ФСБ.
Бул Бишкекте катталган Grinex криптобиржасына башка көз менен караганга жол берет. Washington Post’тун маалыматы боюнча ФСБ менен тыгыз байланыштагы Илан Шорго дагы. Шордун офиси да Москва-Ситиде — дал келүү эле болбосо.
«Тирүүлөй кайнак сууга салып күйгүзүшкөн»
Кыргызстандын криптовалюта базары дагы бутуна туруп келатат: 2022-жылдан бери 100 эсеге өскөн. Экономика министрлиги өлкө боюнча 169 акча алмаштыруучу жай, 13 криптобиржа жана 11 майнинг компания санаган. 2025-жылдын январь-июль айларында алардын жалпы акча жүгүртүүсү бир трлн сомдон ашкан. Мунун баары погончон адамдардын көзүн кызартат.
2025-жылы 9-январда «Кактус Медиа» USDT криптовалютасынан бир миллион доллар уурдалганын жазып чыккан. Кыргызстандык Four Dragons крипто алмаштыруу жайынан, криптаны ысык капчыктан ири келишим жүрүп жаткан маалда уурдап, WhiteBIT деп аталган украин-литва крипто биржасы аркылуу чыгарып кетишкенин маалымдашкан. Анда шектүүлөр Орусиянын жарандары — компаниянын мурдагы кызматкери жана анын шериги (аял киши) — кыргызстандык күч органдары тарабынан кармалганы айтылган.
«Кактус» кармалгандарын аты-жөнүн атаган эмес, бирок мурда эле, 2024-жылы май айында криптовалюта жөнүндөгү Forklog журналы, кармалгандардын бири Марат Зарипов деп жазган. 2025-жылы сентябрда болсо, Four Dragons компаниясы ЖМКга тараткан маалыматында, Зариповдун шериги деп айтылган аялдын атын атаган:ал 19 жаштаны Алёна Дмитриева болгон.
Бир жыл өткөндөн кийин, Four Dragons КРнын ИИМи 2024-жылы бул окуя боюнча козгогон эки кылмыш ишинин номурун ачыкка чыгарган. Алар №03-050-2024-000505 жана №03-050-2024-000537 иштери. Анда булар Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексиндеги 205-берененин 4-бөлүмү (Өзгөчө ири өлчөдөгү уурулук), 222-берененин 3-бөлүмү (Ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана мыйзамдаштыруу) жана 262-берене (Кылмыштуу топту уюштуруу жана ага аралашуу) деп айтылган.
Кийин компания дагы бир иштин номурун жарыялаган — №03-050-2024-000109А, «уюшкан кылмыштуу коом түзүү, биржаны бузуп кирүү жана санарип активдерди уурдоо» жөнүндөгү иш болчу. Four Dragons”тун айтымында, бул иште «болжолу 2,7 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты адалдоо схемалары» фигурант болуп, эки криптобиржанын аты айтылган: украиналык WhiteBIT жана орусиялык Garantex.

2025-жылы 28-мартта Vesti.kg адвокатка таянып, Бишкектеги ТИЗО бирде Зарипов катуу сабалганын жазган. Ал сот отурумуна бети-башы көгөрүп, араң эле кыймылдаган абалда келип, ага тез жардам чакыртылган. Зариповдун сабалганын Four Dragons өкүлдөрү дагы тастыкташкан. Алар Зариповдун өмүрү коркунучта экенин айтып, УКМКнын ТИЗОсуна которууну талап кылышкан.
Арадан бир ай өткөндө, ЖАКнын басма сөз кызматы ТИЗО-1де аты айтылбаган айыпталуучу «ракка айланган боордун циррозу, порталдык гипертензия» дартынан каза болгонун жарыялаган.
Абайлагыла! Андан ары мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуянын сүрөттөлүшү жана маркум Марат Зариповдун сөөгү менен сүрөт!
Four Dragons 27-мартка караган түнү Марат Зарипов Бишкектеги ТИЗО-1де «жырткычтык менен кыйналып өлтүрүлгөнүн» айтып келет. «Аны эки жума мыкаачылык менен кыйнаган соң, кайнак сууга тирүүлөй салып күйгүзүп, кислородду бууп, кийин циррозго “шылтап” коюш үчүн атайылап токмоктошкон. Муну сүрөттөр, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жана бир камерада отургандардын көрсөтмөлөрү да тастыктайт», — дешет компаниянын өкүлдөрү.

«Маратты акчалар кайда кетип жүргөнүн жана ыплас схемалар кандайча иштегенин эч ким билбесин деп ТИЗОдо “жайлашкан”», — дейт Four Dragons, Зарипов менен чогуу жашаган аялга таянып.
Four Dragons бул эмне болгон схемалар экенин ачык айткан эмес. Бирок 17-сентябрда тараган пресс-релизде компания өздөрү сурам жөнөтүп Chainalisys компаниясынын КМШ боюнча мурдагы аймактык менеджери Горан Сафар тарабынан даярдалган алдын ала анализге таянган. Сафардын баасында, Four Dragonsтон 841 миң доллар уурдалган каналдар аркылуу, жалпы жонунан 11,7 млрд доллар чыгарып кетишкен. Four Dragons ЖМКга жарыялаган маалыматында аларды «ыплас, аскерий, орус акчалары» деп атаган.
Four Dragons компаниясынын өкүлдөрүн айтымында, азыр акча адалдоо боюнча кылмыш иштери дээрлик токтотулуп, WhiteBIT төлөгөн миллиондогон паранын арты менен башкы фигуранттарды «издөөдөн алып салышкан». Алардын айтымында, кылмыш иштерин кыскартуу маселеси КРнын ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун деңгээлинде чечилген.
Four Dragons бул маселени чечүүдө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын IT-технология жаатындагы кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн башчысы Руслан Шаршембиев жана КРнын ИИМнин өзгөчө маанидеги иштер боюнча тергөөчүсү Изат Догдурбеков роль ойногонун айтууда. Компания жабырлануучу Дмитрий Васюковичке таянган. Анткени ал Шаршембиев менен Догдурбеков ага WhiteBIT менен жарашып алууга ыктымал үндөп, «өйдө жактан баары чечилип калганын» айтышкан.

Four Dragons Интерполдун WhiteBIT бенефициарларынын эл аралык издөөдө экени боюнча багыттамасынын көчүрмөсүн жарыялаган. Документ 2025-жылы 8-январда Изат Догдурбековдун дарегине жөнөтүлгөн. Бирок Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын чечимине ылайык, мындан он күн өткөндөн кийин Догдурбеков WhiteBIT өкүлдөрү фигурант болгон №03-050-2024-000109А номурлуу кылмыш ишин токтоткон. Прокуратуранын бул чечиминин көчүрмөсүн ЖМКга Four Dragons компаниясынын өкүлү Антон Мордорович таркатып жиберген. Көзөмөл органы анын чечимин жокко чыгарып, иштин материалдарын иликтөө үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жиберген.
ЖМКга тараткан маалыматта Мордорович WhiteBit Изат Догдурбековдун 400 кишиге уюштурулган, 2025-жылы 25-февралда Бишкектин «эң кымбат» UNO ресторанында өткөн «үлпөт тоюн» ыктымал каржылап бергенин кошумчалаган. Ошондой эле, «жакында эле» Догдурбеков Бишкектин борборунан үч бөлмөлүү батир жана 40 миң долларга Lexus алганын белгилеп өткөн.
«Клооп» бул окуяларга комментарий берүүнү өтүнүп КРнын ИИМне сурам кат жөнөткөн — анын ичинде, Улан Ниязбековго, Руслан Шаршембиевге жана Изат Догдурбековго жекече кат жиберилген. Алардан 19 жаштагы Алёна Дмитриеванын тагдыры боюнча да сураганбыз.
WhiteBIT өкүлү Four Dragons койгон айыптарды четке кагат. Алар жоголгон акчаларды табуу үчүн болгон аракетти көрүп, айрым сумманы кайтарууга жардам бергенин айтышууда.
Ал арада, мамлекеттин Кыргызстандагы криптобизнес менен байланышы жаңы деңгээлге чыкты. 10-сентябрда Жогорку Кеңеш «мамлекеттик майнинг» жана «мамлекеттик криптовалюта резерви» деген түшүнүктөрдү киргизген мыйзам долбоорун жактырган. Документке ылайык, реалдуу активдер менен камсыздалган стейблкоин жана токендерди чыгарууга укуктук шарт түзүүгө тиешелүү. Башкача айтканда, Кыргызстан өзүнүн санарип финансылык активдерин түзүп жатат.
Мисалы, Илан Шордун A7A5 стейблкоини сыяктуу. Кыргызстанда ага байланышкан түзүмдөргө каршы санкцияларга карабай, эки ай аралыгында бул стейблкоин болжолу 6 млрд долларга жакын өткөнүн FT аныктаган. Мындан улам Еврокомиссия А7А5ке каршы санкция салууну сунуштап жатат. Аны менен катар, бул криптовалюта менен байланышы бар Орусиянын, Белорустун жана Борбор Азиянын бир нече банкына санкция киргизүү сунушталган.
23-сентябрда молдовалык IPN агенттиги Илан Шор бөтөн адамдарды колдонуп, Садыр Жапаровдун люкс класстагы 17,9 млн доллар турган учагын төлөп бергенин жарыялаган.





