«Жапаров үчүн тытып коюшат». Президенттин чөйрөсү буга чейинки бийликтин активдерине ээ болууда

«Клооп» буга чейин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жандагандар укук коргоо органдары кармаган ишкерлердин бизнесине ээлик кылып калганын жазган болчу. Бул жолу баалуу деп саналган жерлерге, анын ичинде жоопко тартылган ишкерлерге таандык тилкелерге курулуш баштаган ийгиликтүү курулуш фирмалары тууралуу сөз кылабыз. 

5-ноябрда «Клооп» Оштогу кезектеги жеке мүлктү бөлүштүрүү тууралуу айтып берген. 2021-жылы, бийликке Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев келгенде, жергиликтүү олигарх Жалил Атамбаев УКМКнын камерасына кирип чыккан. Ушундан кийин Атамбаевдин үч АЗСдеги күйүүчү майды Ташиевдин жакындарына таандык нефтетрейдердин аты менен сата башташкан. 

Бирок мурда «Оштун ханы» аталган ишкерди «кулакка тартуу» ушуну менен токтогон эмес. «Клооп» күч түзүмдөрүнүн көзүнө илинип, бийликке жакын кишилердин колуна өтүп кеткен Жалил Атамбаевге жана башка ишкерлерге таандык бир нече активдерди аныктады. 

Жер — революционерлерге 

Оштогу Касымбеков көчөсүндө «Камбар-Ата» деп аталган эки кабаттуу ресторан бар. Ресторан Жалил Атамбаевдин уулуна тиешелүү «Кыргызстан» май куюучу жайынын тушунда орун алган. 

Күзүндө, мэр Жеңишбек Токторбаев кезектеги жолу Оштун көчөлөрүн кыдырып жүрүп, ушул объектилерди көрсөтүп, ресторан Жалил-Атамбаевдики экенин айткан болчу. Документтерге ылайык, Атамбаевдин ресторанга түздөн-түз тиешеси бар — менчик ээси катары анын  агасынын баласы Казат Райымкул уулу көрсөтүлгөн. 

2020-жылы октябрда бийлик алмашкан чейин, Атамбаевдин иштери салыштырмалуу илгерилеп турган. Бирок бир жыл өтпөй, азыркы ишкер, мурдагы милиционер УКМК тарабынан мыйзамсыз баюу беренеси менен айыпталып кармалган. Атамбаев мамлекетке 100 млн сом төгүп берип бошонуп чыккан. Бир нече жылдан кийин, «Клооп» анын май куюуучу жайлар түйүнү Red Petroleum брендине өтүп, Ташиевге жакын бизнесмен Акылбек Маматовго караштуу болуп калганын аныктап чыккан. 

Жалил Атамбаев экинчи жолу — 2025-жылы кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана УКТны каржылоого айыпталып — кармалгандан бир аз мурда, анын ресторанынын дагы кожоюну алмашып кеткен. Эми ага  «Ак-Бата» ЖЧКнын ээси Женалиев Канатбек Жолбаевич ээлик кылат. 2024-жылы дал ушул Женалиевге Курулуш министри Нурдан Орунтаев «Ардактуу куруучу» наамын тапшырган болчу

Атамбаевдин дагы бир рестораны — «Каныкей» — 2021-жылы «Артвин групп КейДжи» курулуш компаниясына өткөн. Компания ресторандын ордуна Boston tower деп аталган турак-жай комплексин куруп жатат. 

«Артвин групп КейДжи» 2024-жылы октябрда, Оштогу «Француз үйү» деп аталган турак-жай комплексинде коопсуздук эрежеси бузулгандыктан 16 жаштагы бала көз жумганда аты чыккан. Курулуш министрлиги анда компаниянын лицензиясын убактылуу токтоткон, бирок курулуш компаниясынын Инстаграмдагы билдирүүлөрүнө караганда, аталган үйдүн курулушу аягына чыгыптыр

«Артвин групп КейДжи» компаниясына ишкерлер Макен Асанов менен Усөнбек Бостонов ээлик кылышат. 

Макен Асанов 2020-жылы «Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер, эч жакта иштебеген адам болчу. Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук барагындагы посттунда Асановду Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана башка чиновниктер менен катарлаш белгилейт.  

Балким, иштин баары анын агасы Адылбекте болушу мүмкүн. 2020-жылы октябрдагы жапырт башаламандыктардан кийин, Адылбек абактан бошотулган Садыр Жапаровду коштоп жүргөн болчу. Жапаров парламент депутаттарына келип, мени премьер катары бекиткиле деген талап койгондо, Адылбек Асанов макул болбогон депутаттарды коркута баштаган. «Азыр шайлабасаңар, ушул жерге беш миң адам келет. Биз аларды токтотуп атабыз. Тытып таштайт мына жерде бардыгын», — деген ал, Жапаров менен бир столдо отуруп. 

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болгондон кийин, Кыргызстандын Кытайга болгон карызынан кутулуу үчүн каражат топтоого атайын эсеп ачкыла деген тапшырма берген. Анын айтымында, бул атайын эсепке өз ыктыяры менен акча которууну каалаган мигранттар менен ишкерлердин демилгеси болгон. Демилге колдогондордун сап башында Адылбек Асанов туруп, атайын эсепке бир миллион сом которгон. 

Адылбек Асанов парламенттин экс-депутаты, «Мекенчил» депутаттык тобунун мүчөсү Нурбек Алимбековдун кеңешчиси болуп иштеген. Ошондой эле, Алимбековдун аялы Гүлназ Тороеванын «Нурзаман» компаниясында бизнес-өнөктөшү. Ошондой эле, Асанов өзүн «Артвин Девелопменттин» тең кожоюну деп атап жүрөт. Бирок компаниянын формалдуу негиздөөчүсү катары бир тууганы Аскар Асанов жана дагы эки аял көрсөтүлгөн.    

«Артвин Девелопмент» өзүнүн сайтында Бишкекте сегиз үй жана турак-жай комплекстерин, Ошто эки үй куруп жатканын айткан. Экөөнүн бири мурда Жалил Атамбаевдин «Каныкей» рестораны турган жерде курулуп жатат. 

«Клооп» компания курулуш иштерин жүргүзүп жаткан башка жер тилкелерди дагы текшерип, айрымдары укук коргоо органдары артынан түшкөн адамдарга тиешелүү экенин аныктап чыкты. 

Бишкектеги «Артвин Девелопмент» компаниясы «Токио» комплексин куруп жаткан жер тилкеси ага Куттубай Мурзабаевдин «Орион» курулуш компаниясынан өткөн. Түз эмес, дагы башка ишкер аркылуу. 2023-жылы декабрдын башында УКМК Мурзабаевди УКТга аралашуу үчүн кармаган. Ошол эле айда участок ишкер Нурлан Бактыбаевге өткөн. Андан үч ай өткөн соң, ал жерт тилкесин «Артвин Девелопментке» бөлүп төлөө шарты менен саткан.

Адылбек Асановдун «Голден Констракшн» деп аталган дагы бир курулуш компаниясы борбор калаада куруп жаткан «Токио Сити» (аталышы окшош) турак-жай комплексинин орду мурда Нургалы Асаналиевдин Эл аралык илим жана бизнес институтуна тиешелүү болчу. Асаналиев мурда алдамчылыкка жана рейдерликке айыпталган болчу. 2024-жылы анын жерлери камакка алынып, ал эми 2025-жылы июлда Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлгөн. Бирок бир нече күндөн кийин аталган жер тилкесине Адылбек Асановдун фирмаларынын бири ээ болгон. 

Мындан тышкары, «Артвин Девелопмент» Бишкектин түштүк тарабында «Вилтон Парк», «Лондон» жана «Урпак Парк» турак-жай комплекстерин курууда. Жер тилкелери борбор калаанын эң кымбат жана «абройлуу» бөлүгүндө, «абасы таза» жана «табиятка жакын» жерлерде. Google Earth бул тилкелерде мурда эч кандай курулмалар болбогонун көрсөтүп турат, компания кандайча ээлеп калганы табышмак. 

2024-жылы ноябрда президенттин Иш башкармалыгы «Артвин» ЖЧКсы Орто-Сай айылынан 67 батирди мамлекетке өткөрүп бергенин билдирген. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кезегинде «жерлерди мыйзамсыз алган» куруучулардын арасында ушул компаниянын дагы атын атаган. Анын айтымында, УКМК аталган компаниялар курган үйлөрдүн 10%ы мамлекетке берилсин деген чечим чыгарган. 

«Артвин Девелопмент» компаниясы дагы Орто-Сай айылына үйлөрдү куруп жатат. 

Жаңы бийлик — жаңы «хандар» 

Жалил Атамбаевге кайтып келели. Укук коргоо органдар системасынан чыккан бул кишини «Оштун ханы» деп айтышчу. 2009-жылы, ал Ноокат РИИБнин башчысы болуп турганда, кызматкерлери уруша кетип, милициянын айылдык бөлүмүндө журналист Алмаз Ташиевди сабап салышкан. Натыйжада журналист ооруканада каза тапкан. 

Кийин Жалил Атамбаев бизнеске аралаша баштаганда, жерлерди тартып алганы, өнөктөштөрүнө акчасын кайтарып бербей койгону жана айлык маяна төлөбөй жатканы боюнча дооматтар түшүп турган. Жабыркагандардын айтымында, укук коргоо органдары бул арыздарга реакция кылышкан эмес. ЖМК жана соцтармактарда Атамбаевдин өзбек кримтөбөлү Салимбай Абдувалиев менен видеосу кызуу талкууланган. Анда ал Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбековго колдоосун билдирген. Видео резонанс жаратып, УКМК тарабынан текшерүү башталган. 

2020-жылы бийликке Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев келген. Азыр таптакыр башка ишкерлер аларга колдоосун билдирип — мурдагы бийликтин жакын чөйрөсүнүн активдерине ээлик кылып калды.  

2021-жылы Жалил Атамбаев өзүнүн АЗСнен жана эки ресторанынан айрылган.  Ошол эле жылы, «Клооп» Атамбаевге таандык деп айтылып жүргөн Бел-Алма ири көмүр кени дагы казак-орус энергетика магнаты Николай Коробовскийге өтүп кеткенин аныктаган. 2022-жылы аты-жөнү дал ушундай киши Кыргызстандын жарандыгын алган. 

Коробовский Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жакын чөйрөсү менен биргеликте «ЖалГрупп Азия» компаниясын түптөгөн. Бул компания испаниялык «Барселона» футболдук клубунун франшизасына ээ болгон, Жалал-Абадда «Барса» футбол академиясын курган жана Бишкекте «Барселона» деп аталган турак-жай комплексин куруп жатат. Андан тышкары, Коробовский Садыр Жапаровдун аялы Айгүл Жапарованын долбоорлоруна демөөрчү болгон.