Президент Садыр Жапаровдун карындашы «Дордой» базарынын кожоюндарынын биринин баласына бизнес-өнөктөш болду. Мунун алдында УКМК анын инисин кармаган болчу. Атайын кызмат камакка алгандан кийин ишкердин бизнесине Жапаров менен Ташиевдин адамдары кошулган учур буга чейин да болуп келген.
2021-жылы октябрда, бийликке Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев тандеми келгенден бир жыл өткөндөн кийин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте бизнесмен Эркин Салымбековду кармаган. Анда 24.kg басылмасы, Салымбековго «бажыдагы мыйзамсыз схемалар боюнча айып тагылганын» жазган болчу.

Салымбеков жаңы бийлик кармаган бизнесмендердин алгачкысы эмес болчу. Бирок бул окуя көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Анткени Эркин Салымбековдун агасы Аскар Салымбеков Кыргызстандагы ири бизнестин — «Дордой» Ассоциациясынын негиздөөчүсү. Анын курамына Борбор Азиядагы ири деп саналган «Дордой» базары, экономиканын ар кыл тармагына тиешелүү ондогон компаниялар кирет. Эркин — андагы бир далай компаниянын ээси.

УКМКдан Эркин Салымбеков кармалгандан кийин УКМКнын депозиттик эсебине «келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн алдын ала төлөм» катары 100 млн сом төккөнүн маалымдашкан. Ушундан соң гана сот аны тил кат менен бошоткон. УКМК болсо иш боюча тергөө уланып жатканын айтып, бирок акыры эмне менен бүткөнүн ачык айткан эмес.
Анткен менен, 2024-жылы Эркин Салымбеков Бишкек шаардык кеңешине агасы Аскар Салымбековдун «Эмгек» партиясынан депутат болуп шайланган. Бул жолу «Клооп» Эркин Салымбеков кармалгандан кийин, эки жыл өтүп, президенттин карындашы Райкан Жапарова Исхак Салымбеков менен бирге бизнес ачканын аныктады. Аты-жөнүнө таянсак, Исхак «Дордойдун» кожоюну Аскар Салымбековдун уулу. Райкан Жапарова экөөнүн фирмасы «Дордой Логистикс» деп аталат.
Биринчи бизнес — дароо кирешелүү
Райкан Жапарова — Садыр Жапаровдун карындашы. Ал 43 жашта. Негизи президент Жапаров 11 бир тууган, булардын ичинен бешөө бизнес менен алектенишет. Бул тууралуу 2023-жылы Factcheck.kg. басылмасы изилдеп чыккан. Ал кезде ишкерлик менен алектенген бир туугандардын арасында Райкандын аты жок болчу. Бирок ал 2025-жылы «Дордой Логистикс» менен катар дагы бир фирманын — «Эне» дүң-соода компаниясынын ээси болуп катталган. Бул фирмага Райкан Жапарова аталаш бир тууганы Самат Жапаров экөө ээлик кылышат. Самат дагы үй-бүлөлүк бизнеске жаңыдан аралашкан өңдүү.
Райкандын «Дордой Логистикстеги» өнөктөшү Исхак Салымбеков болгону 20 жашта. Ал деле мурда бизнес-чөйрөгө аралашкан эмес.
«Дордой Логистикстин» дагы эки негиздөөчүсү бар — Шабдан Таалайбек уулу жана Медет Касымов. Таалайбек уулу Салымбековдор менен биргелешкен «A.S. DORDOI» ЖЧКнын жана «Мир Кей Джи» ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал эми Медет Касымов — ассоциациянын сырткы экономикалык ишмердүүлүгү боюнча вице-президенти.
Кустурууну капчыкка
«Клооп» бул схема тууралуу көп жолу айтып берген. Анда ири ишкерлер ТИЗОго камалат, андан соң президент Садыр Жапаровдун жакындары алардын компаньону болуп чыга келет. Же бизнесин толук ээлеп калат.
Ошол эле 2021-жылы УКМК курулуш тармагындагы ири ишкер, Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматовду «коррупция фактысы» боюнча кармаган. Суракматов бюджетке 170 млн төккөндөн кийин сот иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш ишин кыскарткан. Көп өтпөй Суракматовдордун үй-бүлөлүк бизнесине президенттин жеңеси Бурул Кыштообаева менен досунун баласы Азат Бурканов кошулган. Бул тууралуу «Клооп» менен Temirov Live иликтөө жарыялаган.

«Клооп» менен Temirov Live аты аталган адамдар Садыр Жапаровдун башка жакын кишилери менен чогуу Бишкектеги «Мадина» кездеме базары жайгашкан жерге, анын жанындагы «ЖБИ Заводунун», «Сан Сити» борборунун, «Камволдук-нооту комбинатынын» ордундагы жер тилкесине ээ болушканын дагы бир иликтөөсүндө айтып беришкен. Бул ишканаларга ээлик кылган ишкерлерди да УКМК кармаган же текшерүүчү органдар басым жасашкан.
Садыр Жапаровдун досунун баласы Азат Бурканов менен мурдагы президент Аскар Акаевдин иниси «Кара-Балта курулуш материалдар заводун» алышкан. Ушунун алдында заводдун мурдагы ээлери — алкоголь магнаты Шаршенбек Абдыкеримов менен бажынын мурдагы падышасы Райымбек Матраимовдун өкүл баласын УКМК кылмышка айыптаган болчу.
УКМК төрагасынын жакындары деле бул схемадан пайда көрүп келишет.
Мисалы, Камчы Көлбаевдин адамдары көзөмөлдөгөн алтын кени, кримтөбөл УКМК кызматкерлери тарабынан атылгандан кийин, Ташиевдин досу жана өнөктөшү Айбек Алыбаевге тийген. Мурда «Оштун ханы» аталып келген, эки жолу УКМК тарабынан кармалган ишкер Жалил Атамбаевдин АЗСтери Ташиевдин өнөктөшү Акылбек Маматовдун «Ред Петролеум» брендине өткөн. Жалал-Абадда мурда таасирдүү ишкер атыккан Келдибек Тумановдон УКМК төрагасы тартып алган жерге ипотекалык үйлөр курулуп жатат. Ал үйлөрдү Ташиевдин сүймөнчүгү деп саналган Жеңишбек Токторбаевдин компаниясы курууда.

Бирок жогоруда аты аталган «мамлекеттин алдында күнөө кетирген» аткаминерлер менен ишкерлердин мүлкү, мурда убадалангандай улутташтырылган жок. Алардын байлыгы дароо эле жаңы кожоюндарга өтүп же бир азга мамлекетке караштуу деп айтылып, кайра эле президенттин же УКМК төрагасынын жакындарына тийген.





