Депутат милиция жана врачтарга кол салгандарды жазалоону сунуштады

Жазык жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстерге ушундай түзөтүүлөрдү киргизүүнү ЖК депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков демилгеледи. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбооруна ылайык, өзүнүн кызматтык, кесиптик ишиндеги милдетин аткарып жаткан адамга карата жасалган бейбаштык 50 миңден 200 миң сомго чейинки айып пул менен же беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Мындан сырткары, аскер, укук коргоо орган кызматкеринин, ошондой эле кызматтык милдетин аткарып жаткан башка адамдын мыйзамдуу талабына баш ийбөө үчүн 5 миң сом штраф же беш суткадан жети суткага чейин камакка алуу чарасы колдонулат.

Аны менен кошо сот арачысынын талаптарына баш ийбөө үчүн 3 миң сом штраф салынышы мүмкүн же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу каралат.

Демилгечи депутат ИИМдин 2022-жылга карата маалыматына таянып, ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө боюнча 82 факты катталганын, ал эми 2023-жылы бул сан 128ге жеткенин белгиледи.

Ошондой эле документте тез жардам кызматкерлерине, врачтарга, өрт өчүрүүчүлөргө, сот аткаруучуларына, сот арачыларына, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө жана башкаларга да кол салуу болгон учурлар арбын экени, натыйжада муктаж болуп аткан жарандарга өз убагында жардам көрсөтүлбөй калып жатканы, бул оор жана өзгөчө оор зыян тийгизип коюшу мүмкүн экени белгиленет.

Бир-эки күн мурда соцтүйүндөрдө аял тез жардамдын дарыгерине кол салып жатканы тартылган видео тараган. Дарыгер баш мээси чайкалып, көгала болуп ооруканага жеткирилген. Кол салуу болгон учурда дарыгер кош бойлуу экени белгилүү болгон. Милиция бул иш боюнча текшерүү баштаган.